Участники митинга против строительства многоэтажных домов на ореховом лесу на 6 мкр в Бишкеке

Жаңгак токоюна көп кабаттуу үй курууга каршы болгондор митингге чыгышты

167
(жаңыланган 12:11 30.10.2019)
Акциянын катышуучулары парктын аймагына турак жай курулуп жатканына каршы туруп, ага прокуратура реакция кылбаганына нааразы болушууда.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Борбор калаанын 6-кичирайонундагы жаңгак токоюна көп кабаттуу үй курулуп жатканына нааразы болгон тараптар Ак үйдүн алдына митингге чыгышты.

  • Участники митинга против строительства многоэтажных домов на ореховом лесу на 6 мкр в Бишкеке
    Борбор калаанын 6-кичирайонундагы жаңгак токоюна көп кабаттуу үй курулуп жатканына нааразы болгон тараптар Ак үйдүн алдына митингге чыгышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Участники митинга против строительства многоэтажных домов на ореховом лесу на 6 мкр в Бишкеке
    Алар эгер көп кабаттуу үй курулуп калса, жанындагы үйлөрдү күндүн жарыгынан тосуп, унаа токтото турган жер калбай калат деп тынсызданууда.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Участники митинга против строительства многоэтажных домов на ореховом лесу на 6 мкр в Бишкеке
    Митингдин катышуучулары буга чейин бир нече жолу прокуратурага кайрылганын, бирок андан жыйынтык чыкпаганына нааразычылыгын билдиришти.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Участники митинга против строительства многоэтажных домов на ореховом лесу на 6 мкр в Бишкеке
    Мындан улам "Мыйзамсыз курулушка жол берилбесин", "Шаардын прокурору отставкага кетсин", "Прокуратура, парк менен скверди элге кайтарып бер" деген тариздеги лозунгдарды көтөрүп чыгашкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 4
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Борбор калаанын 6-кичирайонундагы жаңгак токоюна көп кабаттуу үй курулуп жатканына нааразы болгон тараптар Ак үйдүн алдына митингге чыгышты.

Алар эгер көп кабаттуу үй курулуп калса, жанындагы үйлөрдү күндүн жарыгынан тосуп, унаа токтото турган жер калбай калат деп тынсызданууда. Митингдин катышуучулары буга чейин бир нече жолу прокуратурага кайрылганын, бирок андан жыйынтык чыкпаганына нааразычылыгын билдиришти. Мындан улам "Мыйзамсыз курулушка жол берилбесин", "Шаардын прокурору отставкага кетсин", "Прокуратура, парк менен скверди элге кайтарып бер" деген тариздеги лозунгдарды көтөрүп чыгашкан.

Мындан сырткары, митингге жеке менчик жерин, турак жайын алдырып ийип соттон-сотко каттап жүргөн жарандар да кошулган.

Аягында президенттик аппараттан келип акцияга чыккандардын өкүлдөрүн жолугушууга алып кирип кетти.

167
Белгилер:
курулуш, парк, Ак үй, митинг
Тема боюнча
Премьер уруксатсыз курулган жеке турак жайлардын санын эсепке алууну тапшырды
Бишкектеги "Ата-Түрк" паркында мыйзамсыз объектилер алынды. Сүрөттөр
Дарыгерлер. Архив

Акысын төлөп беребиз! Ош шаары медиктерди жардамга чакырууда

5
(жаңыланган 22:11 04.07.2020)
Дарыгерлер дээрлик төрт айдан бери күчөтүлгөн режимде иштеп, айрымдары ооруп калгандыктан адистер тартыш болууда.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Ош шаарында COVID-19 инфекциясына байланыштуу абал оорлоп бараткандыгынан улам ыктыярчы дарыгерлерди жардамга чакырабыз. Мындай билдирүү менен калаа мэриясы ак халатчандарга кайрылды.

Маалыматта март айынан бери медицина кызматкерлери, эпидемиологдор күчөтүлгөн режимде иштеп, айрымдары оору жугузуп алгандыктан медиктер тартыш болуп жатканы айтылат.

Азайбай койду. Дагы 71 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды

"Биз кайдыгер эмес жогорку, орто билимдүү жана тажрыйбасы бар медицина кызматкерлерин, ординаторлордун жардамга келишин өтүнөбүз", — деп жазылат кайрылууда.

Өз ыктыяры менен иштөөнү каалаган адистер Ош шаардык ооруканасы менен келишим түзүп, айлык акысы төлөнөт.

Байланыш телефондору: (0772) 45 49 49, (0550) 29 26 24

5
Белгилер:
оорукана, медик, жардам, Ош мэриясы, Ош
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Колдоп-коштоп... Баткенден 20 ак халатчан Бишкекке жөнөп кетти. Сүрөт
Кырдаал оор экен. Россиялык эксперттер ооруканаларга барып, КРдеги абалга баа берди
Ош эл аралык аэропорту. Архив

Ошко Москва шаарынан 148 кыргызстандык учуп келди

6
(жаңыланган 21:59 04.07.2020)
Келгендердин арасында төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана 2 жашка чейинки жаш баласы бар аялдар бар.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. "Ош" эл аралык аэропортуна бүгүн Москва-Ош каттамы менен 148 кыргызстандык жаран кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Алар "Авиатраффик Компани" авиакомпаниясынын чартердик рейси менен келип түштү.

"Келгендер төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана 2 жашка чейинки жаш баласы бар аялдар. Андан сырткары оор илдети бар жана жакын туугандары каза болгондугунан улам мекенине чукул түрдө кайтышы зарыл болгон жарандар", — деп айтылган маалыматта.

Бүгүн Түркиядан 237 кыргызстандык мекенине алып келинди

Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондугуна байланыштуу, бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москванын Кыргыз медициналык клиникасынан жана Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Маалыматта чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантылары айтылган.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

6
Белгилер:
пандемия, коронавирус, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
ТИМ Кытайдан келе албай жаткан кыргызстандыктар боюнча үн катты
Боронов: Россияда иштеген кыргыз дарыгерлер жардамга даяр, учак менен алып келебиз