Кышка даярдык: Бишкек ТЭЦине 304 миң тонна көмүр жеткирилди

© Sputnik / Эмиль СадыровПодготовка ТЭЦ Бишкека к зиме
Подготовка ТЭЦ Бишкека к зиме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Бишкек шаарындагы көп кабаттуу имараттар менен социалдык объектилерге жылуулук берилери кабарланган.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. "Улуттук энергохолдинг компаниясынын" башкаруучулугунун башчысы Айтмамат Назаров Бишкек ТЭЦи кышкы сезонду баштоого толугу менен даяр экенин парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Бүгүн депутаттар "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча КР өкмөтүнүн иши жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун карашты.

Назаровдун айтымында, быйыл ТЭЦке 1 млн. 140 миң тонна көмүр сатып алуу пландалган.

"Анын 400 миң тоннасы сырттан келсе, 740 миң тоннасы Кыргызстанда өндүрүлгөн көмүр болот. Тендерлер өттү, бир гана ДСШ маркасы боюнча тендер улам-улам болуп, аягына чыга элек. Азыр сырттан келчү көмүрдүн 58 миң тоннасы алынды. Ал эми Кыргызстандан алынчу көмүрдүн 246 миң тоннасы жеткирилди", — деди Назаров.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарындагы көп кабаттуу имараттар менен социалдык объектилерге жылуулук бериле турганы кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0