Баткен облустук ооруканасынын жалпы жамааты ишин токтотуу боюнча арыз жазды

© Sputnik / Алексей СухоруковОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруканада жалпысынан 54 адам эмгектенет. Арызды 47 киши жазган. Дарыгерлер айлык акынын аздыгына, кадр жетишсиздигине жана башка көйгөйлөргө нааразы болушкан.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Баткен облустук ооруканасынын эмгек жамааты ишин токтотуу боюнча арыз жазды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине аталган медициналык жайдын башкы дарыгери Нурлан Салиев билдирди.

Анын айтымында, арызды 47 кызматкер жазган. Ишти токтотууга айлык акынын аздыгы, педиатр, терапевт жана башка адистердин жетишсиздиги, имараттардын аздыгы себеп болгон. Жаш дарыгерлер аларга жашай турчу жер берилбегенине нааразы.

"Биз бул көйгөйлөр боюнча көптөн бери иштеп келебиз. 47 адам арыз жазды, бирок алар ишин улантууда. Биз Саламаттык сактоо министрлиги менен өкмөттүн өкүлдөрү менен сүйлөштүк. Алар биздин үнүбүздү бийликке жеткирүүгө сөз беришти", — деди Салиев.

Ооруканада жалпысынан 54 адам эмгектенет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0