Бишкекте 25 жерге жол чырак коюлат. Тизме

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОсмотр светофора в Москве
Осмотр светофора в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриядан кабарлашкандай, жол чырактары менен белгилер шаардыктардын кайрылуусунун негизинде жакшыртылып жатат.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында жакын арада 25 жерге жол чырак коюларын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, автоунаалар үчүн 18, жөө кишилер үчүн 7 светофор орнотулат.

"Акимдер, муниципалдык мүлк башкармалыгы, шаардык транспорт жана Бишкек ЖКККББнын жолду көзөмөлдөө кызматкерлери менен комиссиялык кеңеш өткөрүп, кайсы жерге жол чырак орнотууну талкуулайбыз. Жаңы жабдууларды алуу жергиликтүү бюджеттен каржыланат", — деп айтылат маалыматта.

18 жол чырак төмөнкү көчөлөрдүн кесилишине коюлмакчы:

  • Ахунбаев менен Куйручук;
  • Токтогул менен Раззаков;
  • Малдыбаев менен Суеркулов;
  • Жукеев Пудовкин менен Саманчин;
  • Щербаков менен Орозбеков;
  • Орозбеков менен Саадаев;
  • Сүйүнбаев менен Токтогул;
  • Токтогул менен Гоголь;
  • Токтогул менен Шопоков;
  • Ауэзов менен Көлбаев;
  • Москва менен Тыныстанов;
  • Дэн Сяопин менен Кустанай;
  • Профсоюз менен Месарош;
  • Махатма Ганди менен Можайск;
  • Садыгалиев менен Жамгырчинов;
  • Тыналиев менен Миңжылкыев;
  • Үмөталиев менен Фрунзе;
  • Профсоюз менен Кайназарова.

Ал эми жөө кишилер үчүн жол чырактар төмөнкү дарек боюнча орнотулат:

  • Махатма Ганди көчөсүнө, ИСИТОнун маңдайына;
  • Патрис Лумумба менен Кубаныч көчөлөрүнүн кесилишине;
  • Масалиев менен Бакаев көчөсүнүн кесилишине;
  • Койбагаров менен Каралаев көчөлөрүнүн кесилишине;
  • Юнусалиев көчөсүнө, "Мега-сити" турак жай комплексинин маңдайына;
  • 7-Апрель көчөсүнө, Улан-2 кичирайонунун маңдайына.

Мэриянын маалымат кызматы келишим түзүлүп, "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы тарабынан инженердик-техникалык нускамасы даярдалганын билдирди.

Бул иштерди аткаруу боюнча жарыяланган тендерди "Архипринт" компаниясы утуп алган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0