Тең ата сүйлөшсүн! Баткен милициясынын башчысына генералдыкты берүү сунушталды

© Sputnik / Стас ЭтвешПошив форм руководства ГКНБ и МВД в московском ателье
Пошив форм руководства ГКНБ и МВД в московском ателье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттын айтымында, чек арадагы ар кандай кырдаалдар боюнча сүйлөшүүгө келгенде Кыргызстандын өкүлдөрү моралдык жактан ыңгайсыз болуп жатат.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев парламенттин жалпы жыйынында Баткен облустук милициясынын жетекчисине генерал наамын берүү керектигин белгиледи.

Абжалиев чек арага байланышкан ар кандай кырдаалдар боюнча сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды өткөргөндө коңшу мамлекеттен эки-үч генерал келерин, биздикилер полковник гана болгондуктан тең ата сүйлөшүүдө моралдык жактан ыңгайсыздык жараларын кошумчалады.

"Негизи Баткендеги ОИИБдин башчылыгы — генералдык кызмат. Азыр ал жактагылар жалаң полковник. Сүйлөшүү учурунда "Урматтуу, жолдош полковник" деп кайрылганда моралдык ыңгайсыздык бар экен. Баткен милициясынын жетекчисине министрдин орун басары - ОИИБдин жетечиси деген статус берип, бул жактан генералды жөнөтүү керек, же болбосо ОИББдин жетекчисине генералдык наамды бериш керек", — деди.

Депутат чек арадагы коңшу мамлекеттин Исфара шаарында генерал отурганын айтып, бул маселени карап, чечүү керектигин белгиледи.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0