Бишкекке 1-ноябрдан тарта жылуулук берилет

© SputnikОтключение отопления в Бишкеке
Отключение отопления в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаа башчысы Азиз Суракматов быйыл жылытуу сезонун 1-ноябрдан тарта баштоо боюнча токтомго кол койду.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөр менен социалдык мекемелерге жылуулук 1-ноябрдан тарта берилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, калаа башчысы Азиз Суракматов быйыл жылытуу сезонун 1-ноябрдан тарта баштоо боюнча токтомго кол койду.

"Имараттарга толук жылуулук берүү бир нече күнгө созулат. Алгач мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө берилет", — деп айтылат маалыматта.

Жылуулук берүү аракеттери мектептердин ишине тоскоолдук жаратпайт. Себеби 4-октябрдан тарта окуучулар күзгү каникулга чыгат.

Маалыматка караганда, жылуулук берүү шаарда беш күн катары менен абанын температурасы +8 градустан төмөн болгондо башталат.

Виджет news

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0