23 жашта... Путинге КГБда иштеп жүргөндө берилген мүнөздөмө ачыкка чыкты

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин посетил Международный авиасалон МАКС-2017 в подмосковном Жуковском
Президент РФ В. Путин посетил Международный авиасалон МАКС-2017 в подмосковном Жуковском - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ачыкка чыгарылган документтердин арасында Владимир Путиндин жумуш менен спорттогу адамдык сапаттары тууралуу маалыматтар бар. 1975-жылы Путин 23 жашта болчу.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Санкт-Петербургда Россиянын президенти Владимир Путиндин комсомолдук мүнөздөмөсү ачыкка чыгарылды. Бул маалда Путин СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин башкармалыгында иштеген. Мындай кабарды "Известия. 78" басылмасы жарыялады.

Документ мамлекет жана шаар башчыларынын буга чейин сыр катары сакталган материалдарынын ачыкка чыгарылган көргөзмөсүндө коюлган. Аны Борбордук мамлекеттик архиви Санкт-Петербургдун 90 жылдыгына арналган тарыхый-саясий документтеринин алкагында уюштурган.

Маалыматта "жолдош Путин КГБнын комсомолдук уюмдар башкармалыгынын каттоосунда 1975-жылдан бери турат" деп айтылат. Ал учурда Путин болгону 23 жашка толгон.

​Мамлекеттик коопсуздук органдарында иштеп жүргөн маалда ал өзүн уюштуруу жана спорт иштеринде так, тартиптүү, ак ниет кызматкер катары көрсөткөн.

"Жолдош Путин В.В. өзүнүн идеялык саясий деңгээлин такай жогорулатып келет. Партиялык окууга активдүү катышат. Профессионалдык чеберчилигин дайыма арттырып турат", — деп жазылган мүнөздөмөдө.

Мүнөздөмө жазган автор Владимир Путин бош убактысында спорт менен машыгарын, СССРдин дзюдо жана самбо боюнча спорт чебери, Ленинграддын 1976-жылкы чемпиону болгонун жазган. Мындан сырткары, анын чыдамдуу, сабырдуу жана иштеги жолдошторунун арасында кадыр-баркы бар экени белгиленген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0