Чүй облустук милициясынын начальниги, милициянын полковниги Самат Курманкулов жана президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт

Кой-Таш окуясында жабыркаган Самат Курманкуловго "Эрдик" медалы ыйгарылды

680
(жаңыланган 12:18 01.11.2019)
Курманкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы операцияда башына таш тийип жабыркаган. Комага түшүп калган милиционерге Бишкектен эки ирет операция жасалып, кийин дарылануусун Москвадан уланткан.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылындагы окуя учурунда башына таш тийип жабыркаган Чүй облустук милициясынын начальниги, милициянын полковниги Самат Курманкуловго "Эрдик" медалы ыйгарылды. Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбековдун кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 1-ноябрда, кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 95 жыл толду.

Маалыматта Курманкуловго медаль коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы, ошондой эле кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткарганы үчүн берилгени айтылат.

Эскерте кетсек, Курманкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы операцияда башына таш тийип жабыркаган. Комага түшүп калган милиционерге Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда эки ирет операция жасалып, Москвадан да адистер чакырылган. Кийин аталган шаарга которулуп, дарылануусун уланткан. Бир аз убакыттан кийин Курманкуловдун өзүнө келип, сүйлөп калганы белгилүү болгон.

680
Белгилер:
эрдик, операция, Сооронбай Жээнбеков, милиция, Самат Курманкулов
Тема боюнча
Кой-Таш окуясында башына таш тийген Самат Курманкулов сүйлөп калды
Кой-Ташта башына таш тийген Курманкулов Москвада башка ооруканага которулду