Бишкекте кайыр сураган балдарды издеген рейд өттү

Шаарда кайыр сураган балдарды издеген рейд өттү. Сүрөт

74
(жаңыланган 15:10 01.11.2019)
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, ата-эне балдарынын тарбияланышы, багып-каралышы жана коопсуздугу үчүн жоопкер. Кичинекейлерди ишке салууга тыюу салынат.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Мэрия Бишкек шаарын кыдырып, кайыр сураган же андан да кыйын оор ишке тартылган өспүрүмдөрдү табуу максатында рейд жүргүздү. Бул туурасында муниципалитеттен кабарлашты.

Бул сапар Биринчи Май райондук акимчилиги милициянын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жана үй-бүлөнү, баланы коргоо боюнча социалдык жактан өнүктүрүү бөлүмү менен көчө кыдырган.

Анын жүрүшүндө балдарын колдонуп өткөн-кеткендерден акча сурагандар кармалган. Алар — эки жана беш баласы менен жүргөн өзбекстандык төрт жаран жана эки баласын ээрчиткен жергиликтүү тургун болгон.

  • Шаарда кайыр сураган балдарды издеген рейд өттү
    Шаарда кайыр сураган балдарды издеген рейд өттү
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Шаарда кайыр сураган балдарды издеген рейд өттү
    Шаарда кайыр сураган балдарды издеген рейд өттү
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 2
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Шаарда кайыр сураган балдарды издеген рейд өттү

Алар жашы жете электерге колдоо көрсөткөн "Айданек" борборуна жеткирилген. Ата-энелеринин ким экендиги аныкталганга чейин аталган жайда кармалып турушмакчы.

Жашы жете элек эки бала түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң ата-энесине кайтарылган.

"Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, ата-эне балдарынын тарбияланышы, багып-каралышы жана коопсуздугу үчүн жоопкер. Кичинекейлерди ишке салууга тыюу салынат", — деп айтылган маалыматта.

Мэрия балдар маселеси боюнча маалыматтарды билдире турган райондук администрациялардын телефон номерлерин жарыялайт.

  • Биринчи Май району: 0 (312) 62-35-02;
  • Октябрь району: 0 (312) 51-03-75;
  • Свердлов району: 0 (312) 53-05-76;
  • Ленин району: 0 (312) 65-69-10.
74
Белгилер:
милиция, өспүрүм, рейд, балдар, Бишкек
Тема боюнча
Адылова: жашы жете электер арасындагы кылмыштуулук төмөндөп жатат