Бишкекте балет жылдызы Чолпонбек Базарбаев эскерилет

© Sputnik / Табылды КадырбековСтатуя танцору и народному артисту СССР Чолпонбеку Базарбаеву
Статуя танцору и народному артисту СССР Чолпонбеку Базарбаеву  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү балетмейстер 1949-жылы 4-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында туулган.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкекте Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына арналган "XX кылымдын балет генийи" аталышындагы илимий-практикалык конференция жана көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Улуттук китепкананын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара 4-ноябрда саат 15.00дө Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада болот.

Фотовыставка к столетию Турдакуна Усубалиева в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Нарында Турдакун Усубалиевдин эмгегин чагылдырган көргөзмө өттү
СССРдин эл артисти, белгилүү балетмейстер Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы 4-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында жарык дүйнөгө келген. Эмгек жолунда 30дан ашык дүйнөлүк классикалык спектаклде бийлеген. Ал 25 жыл ичинде эл аралык жана бүткүл союздук фестивалдарга катышып, кыргыз балетин дүйнө жүзүнө тааныта алган. Союздук республикалардан сырткары Европа, Африка жана Араб өлкөлөрүндө да күйөрмандары болгон. Базарбаев өзүнүн таланты, эмгекчилдиги жана күжүрмөндүгүнүн аркасында 33 жашында биринчилерден болуп СССРдин эл артисти наамына татыган.

Балет жылдызы 2002-жылы 53 жаш курагында жол кырсыгынан көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0