Чолпон-Ата шаарындагы Рух Ордо комплексине Кыргыз Эл Баатыры, мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин айкели орнотулду.

Чолпон-Атадагы "Рух Ордого" Турдакун Усубалиевдин эстелиги коюлду

977
(жаңыланган 14:22 02.11.2019)
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгы өлкөнүн булуң-бурчунда белгиленип, бир топ иш-чаралар өтүүдө.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" комплексине Кыргыз Эл Баатыры, мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин айкели орнотулду.

Эстеликтин ачылыш аземи бүгүн, 2-ноябрда, болду. Аталган иш-чарага коомдук ишмерлер жана бийлик өкүлдөрү, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Курманбек Дыйканбаев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев катышты.

  • На территории культурно-этнографического комплекса Рух Ордо в Чолпон-Ате состоялось открытие статуи герою Кыргызской Республики, государственному деятелю Турдакуну Усубалиеву
    Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" комплексине Кыргыз Эл Баатыры, мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин айкели орнотулду.
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Иссык-Кульской области

1 / 2
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Иссык-Кульской области
Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" комплексине Кыргыз Эл Баатыры, мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин айкели орнотулду.

Мамлекеттик ишмердин айкели демөөрчүлөр тарабынан жасалып, 100 жылдык мааракесине карата тургузулган.

Туурдакун Усубалиев 1961-жылдан 1986-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин биринчи секретары болуп иштеген. Тагыраагы, Кыргызстанды 25 жыл жетектеп турган. Ал 2015-жылы 7-сентябрда 96 жашында узак оорудан кийин дүйнө салды.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгы өлкөнүн булуң-бурчунда белгиленип, ага карата бир топ иш-чаралар уюштурулууда.

977
Белгилер:
"Рух-Ордо" маданий борбору, айкел, эскерүү, Турдакун Усубалиев
Тема боюнча
"Ак таажычан падышанын" 100 жылдыгы: Бишкекте көргөзмө өтөт
Өкмөт Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын кантип өткөрүп жатканын айтты
Өмүрү жана тагдыры. Турдакун Усубалиев тууралуу китеп жарык көрдү