Жээнбеков: "Ата-Түрк" паркынан жер берилген, бирок үй курган эмесмин

Жазылуу
Буга чейин "Ата-Түрк" паркынын жерлерин кимдер алганы боюнча иликтөө чыгып, мамлекет башчынын да аты аталган.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында жайгашкан "Ата-Түрк" паркындагы жер тилкени эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп турган кезинде алганын айтты.

Бүгүн, 2-ноябрда, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өлкө башчынын ЖМК жетекчилери менен жолугушуусу өтүп, суроо-жооп форматында баарлашты.

Белгилей кетсек, буга чейин ЖМКлардын бирине "Ата-Түрк" паркындагы жерлердин мыйзамсыз сатылышы боюнча иликтөө чыгып, жер ээлеринин тизмесинде мамлекет башчынын да аты кездешкени айтылган.

"Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп турган кезде парктан жер тилкеси берилген. Мен үй салган эмесмин. Ал убакта балдарым жаш болчу, үч бөлмөлүү батирде жашачубуз. Турак жай курууга муктаждык жок эле. Кийин оппозицияга өттүм, 2007-жылы Ошко кеттим. Ошондо менин жер тилкем башка бирөөгө берилген. Ал дароо эле сатып жибериптир. Кийин мага компенсация төлөнгөн", — деди Жээнбеков.

Ошондой эле ал далилдөөчү документтери бар экенин айтып, кызыккандар болсо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0