Жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Апта башында жааган жамгыр карга айланып, абанын температурасы борбор калаада -5 градуска чейин төмөндөйт.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Алдыдагы аптада Кыргызстанда күн сууктап, кар жаайт. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондоруна жамгыр, тоолуу аймактарына кар түшөт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Ал эми күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Осень в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ноябрда аба ырайынын кандай болору айтылды
4-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

4-ноябрда күндүз жана 5-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу жерлерде кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат.

6-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Күн сууктап, кар жаайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. Ал эми күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

7-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт.

Апта аягы, 8-9-ноябрларда, күн ачылып, абанын температурасы жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0