1000 сомдук акча 20 эсе кымбат баада сатылууда. Себеби

Жазылуу
Акча баасынын кымбаттыгы голограммадагы катага байланыштуу. Банкнотанын баштапкы баасы — 290 доллар (20,2 миң сом).

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. eBay Интернет аукционуна 1000 сомдук купюра коюлду.

Банкнотанын баштапкы баасы — 290 доллар (20,2 миң сом). Бул үчүнчү сериядагы банкнота (2000-жылы чыккан). Акча баасынын кымбаттыгы голограммадагы катага байланыштуу — КР Улуттук банкынын логотиби жарым-жартылай эле көрсөтүлүп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0