Медицина илимдеринин кандидаты, Бишкек Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун омуртка оорулары бөлүмүнүн жетекчиси Марат Сабыралиев

Көңүл ачам деп шал болуп калгандар көп. Дарыгер Сабыралиев менен маек

7163
(жаңыланган 13:33 03.11.2019)
Шал болуп, колу-бутун кыймылдата албаган кыргызстандыктар кандай күн кечирерин Марат Сабыралиев айтып берди. Андай кырсыкка сууда сүзүүнү жактыргандар да көп кабылат экен.

Марат Сабыралиев студиябызга жумуштан чыгып эле түз келди. Медицина илимдеринин кандидаты, Бишкек Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун омуртка оорулары бөлүмүнүн жетекчиси 20 жылдан бери адамдардын саламаттыгына кам көрүп келет. Дарыгер бизге өз кесибинин эл билбеген жактарынан баян салып берди.

— Бүгүн кимди аман алып калдыңыз?

— Аман алып калдык десек аша чаап кетебиз го, бирок бүгүн эки операция жасадык. Адегенде аттан кулаган жигиттин омурткасынын моюнчасын түздөдүк.

Андан соң кабырга учунун рагы менен кайрылган бейтапка операция жасадык. Ачканыбызда рак анчалык агрессивдүү эмес экен. Албетте, акыркы бүтүмдү гистология чыгарат, бирок жагдай анчалык кооптуу эместей.

Кандидат медицинских наук и заведующий отделением патологии позвоночника Бишкекского научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии, доктор Марат Сабыралиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Шал болуп, колу-бутун кыймылдата албаган кыргызстандыктар кандай күн кечирерин Марат Сабыралиев айтып берди.

— Өткөндө эле "1+1" тасмасын кайталап көрүп чыктым. Фильм бүткөн бою шал болгон бай киши туурасында. Аны жакыр жигит багат. Турмушта мындай кырсыктар көп учурайбы?

— Ооба, врачтар андай бейтаптарды өз ара "моюнчалар" деп коюшат, андайда омуртканын моюн бөлүгү жабыркайт. Тилекке каршы, травма мээге жакын болгон сайын кесепети оорлой берет.

Киши жол кырсыгына кабылганда коопсуздук курун курчанбаган болсо, автонун баш койгучтары төмөн жайгашса, ушундай учурлар көп болот. Машинанын тормозу катуу тебилгенде адамдын башы артка кетет, омуртка көтөрө албай, сынат... Мындай кырсыкка сүзүүгө болбой турган жерлерде сууга чумкуган уландар да көп кабылат. Жигит пирстен секирет, ал эми ал жер абдан тайыз. Башы менен суунун түбүнө урунат да, моюн жагынан омуртка чорт сынат. Өмүр бою шал болуп калышы ыктымал, атүгүл мүрт да кетет.

— Андай кырсыкка кабылган бейтап кантип жашайт?

— Эгер алар сиз айткан тасмадагыдай бай турса бир жөн. Жакшы карап, жакшы багылса узак жашашат. Тилекке каршы, андай шарт көбүндө жок. Көбүнчө андай бейтаптардын бөйрөктөрү жабыркайт, себеби өз алдынча заара ушата албагандыктан тийиштүү катетерди орнотуу зарыл болот. Андайда тазалыкты сактоо абдан маанилүү, болбосо инфекция кирип, бөйрөккө чейин жетет. Мындан сырткары, төшөктө жатканы үчүн денеси оюлуп кетүү, пневмония коркунучу бар.

— Андай бейтаптардан жакындары баш тарткан учурлары арбынбы?

— Ата-эне эч качан андайга барбайт. Алар өмүрү өткөнчө уулун же кызын багат. Аялы же күйөөсү кээде кетип калышат.

Кандидат медицинских наук и заведующий отделением патологии позвоночника Бишкекского научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии, доктор Марат Сабыралиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Медицина илимдеринин кандидаты 20 жылдан бери адамдардын саламаттыгына кам көрүп келет.

— Менимче, бул айткандарыңыздан кийин окугандар коопсуздук курун курчанууга өтөт болуш керек.

— Ооба, анан да дайым ылдамдыкты чегинен ашырбоо зарыл!

— Кыргызстанда кар түшөр мезгил жакындап калды. Анан адамдар баллонго отуруп, ак карлуу тоодон муз тебе башташат...

— Андай оюндан алыс болууңуздарды өтүнөм! Менин жетекчим Сабырбек Артисбекович (Сабырбек Жумабеков — ред.) баллон менен муз тебүү эң кооптуу эрмек экенин кыш түшкөн сайын какшап айтып келет. Минтип эс алуунун аягы эмне менен бүтөрүн, кесепети кандай травмага алып келерин элестете да албайсыздар!

Кышында бизге бир аялды алып келишти. Ал тоого муз тепкени эле барат, баллон секирип кетип, бейтап бир жарым метр нары учуп кетиптир. Жерге чалкасынан кулаган экен, текшерип жүлүнү жабыркаганын аныктадык. Тилекке каршы, эми ал баса албай калды.

— Билишимче, жайкысын сиздердин ооруканага Ысык-Көлдө парашют менен олдоксон секиргендер көп түшөт.

— Ооба, чындап эле ошондой. Киши андайда негизи сууга түшүшү керек, бирок кайык жай жылгандыктан, жерге кулайт. Кээде чычырканактын арасына түшөт. Парашют, параплан, дельтаплан, банан дегендин баары өтө кооптуу нерселер.

— Таптакыр баса албай турганын бейтапка кантип айтасыздар?

— Биз эч качан бейтаптын өзүнө угузбайбыз, туугандарына гана кабарлайбыз.

— Бул аны алдагандыкка жатпайбы?

— Сакайып кетиши үчүн жалган айтуу жаман нерсеби? Бейтап чындыкты угуп алып, өз өмүрүнө кол салсачы? Аны менен психолог иш алпарбайт, бейтап өз көйгөйү менен өзү алпурушуп калат. Андан тышкары, биздин жашоодо керемет да кездешпей койбойт. Иш тажрыйбамда таптакыр үмүт жок деп калган бир-эки учур болгон. Бир жигитти алып келишкен, курулушта иштеп жүрүп бийиктен учуп кетиптир.

Операциядан кийин буттарынын сезип-сезбегенин текшердик, эч нерсе сезбейт! Бейтап таптакыр баса албачудай туюлган. Анын өзүнө үмүтүбүз азыраак экенин айткам. Жарым жылдан соң ал ооруканага баш бакты. Биз күткөндөй коляскачан эмес, өзү басып келди. Мага карап "Сиз үмүт аз дегенсиз, бирок ал таптакыр үмүт үзүлдү дегендик эмес да" деди жылмайып. Биз, врачтар, аны эсен көргөнүбүзгө жетине албай сүйүндүк.

Кандидат медицинских наук и заведующий отделением патологии позвоночника Бишкекского научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии, доктор Марат Сабыралиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Марат Сабыралиев: муз тебем деп баллондон ыргып кеткен аял баса албай калды

— Азыр жеңил дартка деле тааныш врач издеш адатка айланып барат, болбосо ишин билбеген бирөөгө кабылып, зыян тартып калышың ыктымал.

— Айтпаңыз, врачтардын иштин көзүн билбегени — абдан курч маселе. Нарындан бир киши сыныкчыга барат. Ал эч кандай текшербей туруп эле омурткасын "түздөп" коет. Көрсө, ал адам кургак учуктан жабыркап жүрүптүр. Ага туура диагноз коюуга рентген эле жетиштүү болмок!

Кудай жалгап ал киши шал болуп калган жок, бирок туура эмес дарыланганынын кесепети баары бир тийди. Эмчи-домчу, сыйкырчыларга чуркабай, кесипкөй дарыгерлерге кайрылууга кеңеш берер элем!

— Аздыр-көптүр бакубат өлкөбүздө сөөктүн кургак учугу болушу мүмкүнбү?

— Бул кыйла кеңири тараган дарт. Мурда адамдар кургак учук абактагылардын, жакырлардын, аракечтердин оорусу деп санашчу. Мындай дартка профессор деле кабылышы мүмкүн. Кох таякчасы баарында болот. Адатта ал иммунитеттин бекемдигинен улам "ойгонбойт". Эгер кокус адам катуу стресске кабылса, бардык оорулар "баш көтөрөт".

— Жол кырсыгынан кийин бейтапка бутка турууга үмүт жок экенин айттыңыз дейли. Андай бейтаптардын 99,9 пайызы эмне кылат? Туура, Германиянын бир жерине дарыланып келүүгө акча топтой баштайт. Кесиптик тажрыйбаңызга таянып айтсаңыз, мунун зарылдыгы барбы?

— Бир учурду айтып берейин сизге. Жол кырсыгынан бейтаптын жүлүнү жабыркайт да, киши шал болуп калат. Операция жасадык, бирок майнап чыккан жок. Ошондо бейтап тыйын чогултуп алып, Германиядан операция жасатып, акыркы үлгүдөгү фиксатор койдуруп келди. Ааламдагы бир дагы врач жүлүндүн жабыркашын оңдой албайт! Жөн гана омуртканы бекемдеп коюшкан. Баары бир бутуна тура албады.

Убакыт өткөндөн кийин ал киши "Доктур, бир жерим эле ооруп жатат" деп кайрылды мага. Текшерип чыктым. Көрсө, немис өндүрүшүндөгү фиксатор сынып калган экен. "Баасы 50 миң доллар турчу! Кантип сынып калсын?" деп үрөйү учту. Фиксаторду бизде деле койдурууга болот, алда канча арзан түшөт.

Кандидат медицинских наук и заведующий отделением патологии позвоночника Бишкекского научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии, доктор Марат Сабыралиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Сабыралиев: омуртканы фиксациялоонун айрым ыкмаларын ойлоп тапкам. Канчалык жакшы бекисе, жараат ошончолук тез бүтөт

— Бул жаатта бир нече медициналык ачылыштарыңыз бар экенин эшиткем. Алардан кеп салсаңыз.

— Омуртканы фиксациялоонун айрым ыкмаларын ойлоп тапкам. Канчалык жакшы бекисе, жараат ошончолук тез бүтөт. Менин ыкмам боюнча травма азыраак жана алда канча натыйжалуу.

Биздин ачылыштардын 95 пайызы иш жүзүндө пайдаланылат. Аймактардагы дарыгерлер менен да билгенибизден бөлүшөбүз. Тажрыйба алмашуу — бул кесибибиздин эң маанилүү бөлүгү.

— Азыр дүйнөдө акысы асманды чапчыган медициналык кызматтар толтура...

— Биз бейтапка капчыгын какпагыдай жолун сунуштайбыз. Албетте, жогорку технологиялык деңгээлдеги операция жасоого болот, бир аптадан соң керебеттен турат бейтап. Башка бир ыкмасы да бар, бирок бир ай төшөктө жатууга туура келет. Биз да адамбыз, Кыргызстанда көпчүлүк үй-бүлөлөр үчүн миң сом дагы чоң акча экенин жакшы билебиз.

7163
Белгилер:
парашют, баллон, бейтап, сууда сүзүү, жол кырсыгы, дарт, шал, операция, омуртка, дарыгер
Тема боюнча
Балага телефон берип горшокко отургузуп койсо, геморрой болот да! Проктологдун маеги