Бишкектин эки кичи районунда бир күн суу болбойт

© Sputnik / Жоомарт УраимовБутылки с водой. Архивное фото
Бутылки с водой. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суу өчүрүлгөн күнү мектеп менен бала бакчалар иштебейт. Ал эми жогоруда белгиленген аймакта жайгашкан медициналык борборлор кадимки тартипте иштейт.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Калыс-Ордо менен Мурас-Ордо суу тосмолорунда оңдоо иштери жүрө тургандыктан 5-ноябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Ала-Тоо-1 жана Ала-Тоо-2 конуштарында, Ара-Көл, Батыш, Улук-Тоо, Кызыл-Тоо көчөлөрүндө таза суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Андан сырткары, суу болбой турчу объектилер да тизмектелди:

  • №86 мектеп;
  • Калыс-Ордо көчөсүндөгү "Бактылуу балалык" бакчасында;
  • Калыс-Ордо конушундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда;
  • Мурас-Ордо конушундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда;
"Таза суу өчүрүлгөн күнү мектеп менен бала бакчалар иштебейт. Ал эми аты аталган медициналык борборлор кадимки тартипте иштейт. Алар өз муктаждыгына жараша таза сууну камдап алышкан", — деп айтылат маалыматта.

Эгер таза суу берүүдө кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса, "Бишкек суу каналдын" төмөнкү телефондоруна чалсаңыздар болот.

Борбордук диспетчер: 56-03-20;

Ички тармактар боюнча: 54-42-45, 54-42-44.

Андан сырткары, "Бишкек суу каналдын" 0770 838458 WhatsApp номерине да сүрөттөрдү салса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0