Шамал кесепети. Архивдик сүрөт

Сак болгула! Бир сааттын аралыгында Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

530
(жаңыланган 14:02 04.11.2019)
Апта башында жааган жамгыр карга айланып, абанын температурасы борбор калаада -5 градуска чейин төмөндөйт.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматта бүгүн, 4-ноябрда, жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу мүмкүндүгү айтылат.

Мындан улам ӨКМ тургундарды сак болууга чакырат.

Буга чейин синоптиктер апта башында жааган жамгыр карга айланып, абанын температурасы борбор калаада -5 градуска чейин төмөндөй турганын билдирген.

530
Белгилер:
шашылыш билдирүү, шамал, Чүй облусу, Бишкек
Тема боюнча
Жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы
Ноябрда аба ырайынын кандай болору айтылды