Журналисттер кандай ойдо калышты? Президент менен жолуккандан кийинки 7 пикир

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча президента Сооронбая Жээнбекова с руководителями СМИ Кыргызстана
Встреча президента Сооронбая Жээнбекова с руководителями СМИ Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбековдун жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусу тууралуу коомчулукта бир топ кеп болду. Аталган иш-чарада көшөгө артында эмнелер болгондугун билүүнү чечтик.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун ЖМК өкүлдөрү менен болгон жолугушуусу тууралуу ача пикирлер айтылды. Бир катарлары мамлекет башчы өзүн оор басырыктуу кармап, ишенимдүү алып отурду десе, бир даары анын жоопторунда конкреттүүлүк жетишпей жатты дешти...

Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги менен радиосунун жетекчиси Елена Череменина: 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевSputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги менен радиосунун жетекчиси Елена Череменина
Журналисттер кандай ойдо калышты? Президент менен жолуккандан кийинки 7 пикир - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги менен радиосунун жетекчиси Елена Череменина

— Президент Сооронбай Жээнбеков ЖМК жетекчилери менен жолукканда бардык нерсеге көңүл буруп, өзүн ишенимдүү жана жай алып отурду. Бардык журналисттерге бирдей, урматтоо менен мамиле жасап, бирөөнү алыс, башка бирөөнү жакын кармап мамиле жасаган жок. Жээнбеков дээрлик бардык сайттар менен гезиттерди окуй тургандыгын, ал эми анын командасы басылмалардагы сын-пикирге реакция жасаганга аракеттенерин билдирди.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Матраимов, Атамбаев, шайлоо, коррупция... Жээнбековдун жооптору
Мамлекет башчы бардыгына, ал тургай жагымсыз суроолорго да жооп берди, кээде тамашалап отурду. Маселен, президенттик укуктарын кеңейтүү үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүү ниети бар-жогун сурашканда, "эмне, ошондой кылса болобу?"— деп жооп берди.

Ал, мындан сырткары, парламенттик республиканы мындан ары өнүктүрүү жана сот реформасын аягына чыгаруу боюнча так позициясын айтып берди. Буга дубандардын экономикасын өнүктүрүү жана чек арага жакын аймактардын маселелерин чечүүнү да киргизгени айкын болду.

ЭлТР каналынын башкы директору Айбек Мусаев: 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭлТР каналынын башкы директору Айбек Мусаев
Журналисттер кандай ойдо калышты? Президент менен жолуккандан кийинки 7 пикир - Sputnik Кыргызстан
ЭлТР каналынын башкы директору Айбек Мусаев

— Баары ачык-айкын болду, журналисттер коомчулукту тынчсыздандырган суроолорду беришти. Райым Матраимовду, анын үй-бүлөсүн жана сырткы саясатты да эстешти. Президент баарына так жооп берди. Эң башкысы, Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы кландык башкарууга жооп бербей тургандыгын айтты.

Kaktus.media сайтынын түптөөчүсү Дина Маслова: 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевKaktus.media сайтынын түптөөчүсү Дина Маслова
Журналисттер кандай ойдо калышты? Президент менен жолуккандан кийинки 7 пикир - Sputnik Кыргызстан
Kaktus.media сайтынын түптөөчүсү Дина Маслова

— Президент Сооронбай Жээнбеков токтоо болуп отурду. Ал эч качан кишинин жеке өзүнө асылбайт. Анткен менен кээ бир — сот реформасы жана Атамбаев жөнүндө суроолор ал үчүн жагымсыз болгону сезилип турду. Конкреттүүлүк аз, жалпы сөздөр көп болду.

Эсимде өзгөчө сакталып калганы — Райым Матраимов туурасында суроо болду. Президент аны коррупциянын символуна айлантып салышканын, бирок фактылар жок экендигин айтты. Факты бербейсиңерби дегендей кылды. Бирок президентке фактыларды берүү журналисттердин иши эмес да. Бул тартип коргоо органдарына берилүүчү суроо. Биздин милдет — багытталган маселелерди көрсөтүп, айтуу.

France-Presse агенттигинин Кыргызстан боюнча кабарчысы Толкун Наматбаева: 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевFrance-Presse агенттигинин Кыргызстан боюнча кабарчысы Толкун Наматбаева
Журналисттер кандай ойдо калышты? Президент менен жолуккандан кийинки 7 пикир - Sputnik Кыргызстан
France-Presse агенттигинин Кыргызстан боюнча кабарчысы Толкун Наматбаева

— Мен Сооронбай Жээнбековдун маанайы жакшы экенин байкадым. Катуу сын камтылган ыңгайсыз суроолор берилгенде да колунан келишинче ачык жооп берүүгө аракет кылып жатты.

Менимче, ал мындай суроолорго, ошол эле кландык башкаруу, бир туугандары сыяктуу соболдорго даяр болчу. Баарлашуунун жүрүшү мага жакты.

Өлкө башчынын 12 жашынан тарта намаз окуй турганы абдан таң калтырды. Ушунун өзү эле анын кандай үй-бүлөдө өскөнүн көрсөтүп турат.

"Новые лица" гезитинин башкы редактору Лейла Саралаева: 

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Новые лица" гезитинин башкы редактору Лейла Саралаева
Журналисттер кандай ойдо калышты? Президент менен жолуккандан кийинки 7 пикир - Sputnik Кыргызстан
"Новые лица" гезитинин башкы редактору Лейла Саралаева

— Курч суроолор дээрлик берилген жок. Жеке мен өзүм башка президенттер менен жолуккандагыдай эркиндикти сезген жокмун. Ал кезде биз эң эле ыңгайсыз суроолорду да бере алчубуз.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков кайрадан президент болор-болбосу тууралуу айтты
Бирок сын айтчу журналисттердин баарын чакырышыптыр, мен да алардын катарындамын. Алмазбек Атамбаев тууралуу сурай турганымды баары эле билишчү. Суроо бере баштаганда токтотуп коюшабы деп корктум эле, бирок андай болгон жок, сөзүмдүн аягына чыга алдым.

Чынын айтсам, жолугушууга ичим чыккан жок, президенттин жооптору так болбой, жалпылап сүйлөдү. Бир да иштин жыйынтыгын айта албады, эч кандай программалык билдирүү да жасалган жок.

"НТС" телеканалынын башкы директору Миржан Балыбаев: 

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"НТС" телеканалынын башкы директору Миржан Балыбаев
Журналисттер кандай ойдо калышты? Президент менен жолуккандан кийинки 7 пикир - Sputnik Кыргызстан
"НТС" телеканалынын башкы директору Миржан Балыбаев

— Менин иштеп жатканыма жарым эле жыл болду, мындай иш-чарага да биринчи жолу катыштым.

Алгач суроолорго чек коюлбайт деп убадаланган болчу. Президентке курч суроолор бериле турганы айдан ачык эмес беле. Аларды коомчулук канчадан бери талкуулап келе жатат. Менимче, Сооронбай Жээнбеков мындай суроолордун баарына жооп берүүгө даяр болчу.

"Кабар" маалыматтык агенттигинин директору Кубан Табалдиев: 

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Кабар" маалыматтык агенттигинин директору Кубан Табалдиев
Журналисттер кандай ойдо калышты? Президент менен жолуккандан кийинки 7 пикир - Sputnik Кыргызстан
"Кабар" маалыматтык агенттигинин директору Кубан Табалдиев

— Президенттин айткандарынын ичинен эң эле маанилүүсү болуп, менимче, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу тууралуу сөзү болду. Сооронбай Жээнбеков бул маселеге Россия да кошулганын белгиледи. Бул теманын чагылдырылып келе жатканына көп убакыт болсо дагы президент темир жол тууралуу биринчи жолу ачык айтты.

Жолугушуунун расмий бөлүгү эки жарым саатка созулду. Сооронбай Жээнбеков баарына сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берди. Алгач баарыбызга бирден гана суроо берүү айтылса, журналисттер 2-3 суроо берип жатышты. Расмий бөлүк аяктагандан кийин да ЖМК жетекчилери суроолорун токтоткон жок. Баарына жооп берди. Менимче, жолугушуу жылуу, жагымдуу маанайда өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0