"Биртууганчиктеги" актёр жол эрежесин бузганы үчүн айып төлөөгө даяр

© Sputnik / Табылды КадырбековЗнаменитый актер, участник сборной "Тамашоу" Бакыт Осмонканов
Знаменитый актер, участник сборной Тамашоу Бакыт Осмонканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан айдоочу өзү келип айып пулду төлөп кетсе болорун билдиришти.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. "Биртууганчик" тасмасына тартылган актёр жана шоумен Бакыт Осмонканов жол эрежесин бузганы үчүн айып төлөөгө даяр экенин билдирди.

"Ооба, албетте, айып төлөөгө даярмын. Эреже бузганымды төгүндөбөйм", — деди актёр.

Дорожный знак, обозначающий круговое движение - Sputnik Кыргызстан
Токмоктогу айлампа жолдо жүрүүнүн эрежеси өзгөрдү
Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан айдоочу өзү келип айып пулду төлөп кетсе болорун билдиришти. Мындай эреже бузууга экинчи категориядагы айып каралып, 3000 сом төлөнүшү керек.

Эске салсак, буга чейин күбөлөр Toyota Camry үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу "Россия" кинотеатрынын аймагындагы тротуарга кирип кеткенин, андан соң Тоголок Молдо көчөсүнө чыгыш үчүн аялдаманы аралаганын айтышкан. Күбөлөр окуянын видеосун дагы жиберишкен.

Ал эми актёр мындай кадамга барууга эмне себеп болгонун кабарчыга түшүндүрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0