БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Журналист Чынара Токонованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-ноябрь күнү Сокулук районунун Новопавловка айылында өтөт. Маалыматты маркумдун жакындары тастыктады.
Эске салсак, журналист Чынара Токонова 37 жаш курагында оорудан улам кечээ, 4-ноябрь күнү, көз жумган. Ал экинчи ирет инсульт илдетине кабылып, ооруканада эле.
"Чынаранын сөөгү эртең Новопавловка айылындагы Алтын-Ордо жаңы конушундагы өзү жашаган үйдөн саат 10.00дө чыгат", — дешти жакындары.
Токонова кыргыз телерадиосунда 2000-жылдардын башынан бери эмгектенип келген. Алгач КТРКнын "Жаш толкун" радиосунда иштеген. Кийин НТС каналында, "Санжыра" радиосунда, Булан институтунда эмгектенген. Акыркы кезде 5-каналда "5-элемент" автордук программасын даярдап жүргөн.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев базардын айланасында товарларды жайып саткандар менен күрөшүү үчүн УКМКдан жардам сураганын билдирди.
Ал бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевге кат жиберген.
Ошондой эле Түлөбаев "Ош" базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүшкө жол берилбеши керектигин айтты. Буга чейин социалдык тармакта рейд учурунда сатуучунун мэриянын кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тараган.
"Билем, саботаж кылып жатышат, айтканды укпай жатышат. Мындай да, тигиндей да айттык, болбой жатышат. Эки күн мурун Камчыбек Кыдыршаевичтин атына кат жибердим. Менин күчүм жетпей жатат, мага жардам бергиле дедим. Жайма базар менен күрөшүүгө топ жибериңиз деп өтүндүм. "Ош" базарынан, "Аламүдүн" базарынан акча чогултуп жаткан чагымчылдар тууралуу билебиз. Кат келеби, жокпу билбейм, биз катуу иштейбиз. Болду эми, жакшы эле кечириштик", — деди Түлөбаев.
Шаар башчысынын милдетин аткаруучу сатуучуларды базардын ичине кирип соода кылгыла деп айтып жатканын жана ал жакта орундар бар экенине ишендирди.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мурдагы вице-премьерлер Алтынай Өмүрбекова менен Аида Исмаилова өкмөттүн пандемия маалындагы иши боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы билдирди.
Алардын айтымында, Исмаилова эртең, 26-январь саат 09:30га, ал эми Өмүрбекова саат 15:00гө чакырылды. Финпол азырынча комментарий бере элек.
Ушул иш боюнча буга чейин өкмөттүн мурунку башчысы Кубатбек Боронов сурак берип, күбө катары чакырылганын айткан.
Андан мурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев пандемия маалында адамдардын массалык түрдө каза болушуна премьер-министрлер жана вице-премьерлер жооп берерин айткан. Ошондой эле ал медикаменттер, жеке коргонуу каражаттары, тез жардам унаалары кымбат баада алынгандыгы териштирилип жатканын кошумчалаган.