Ош мамлекеттик университети. Архив

ОшМУнун ректорлугуна төрт талапкер ат салышууда. Тизме

288
(жаңыланган 13:39 05.11.2019)
Талапкерлердин арасында мурдагы билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын орун басары дагы бар.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Ош мамлекеттик университетинин ректорлугуна төрт талапкер ат салышууда. Бул туурасында аталган окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.

Талапкерлерди каттоо 24-октябрда аяктап, 4-ноябрга чейин үгүт иштери жүргөн. Бүгүн, 5-ноябрда, университеттин башкы имаратында шайлоо өтүп жатат, жыйынтыгы кечке жуук чыгат.

Биринчи талапкер Кудайберди Кожобеков, 44 жашта. 2017-2019-жылдары билим берүү министринин орун басары болуп иштеген. Каныбек Исаков кеткенден кийин ректордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент;

Бибигүл Кошоева, 47 жашта. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык институтунун телематика кафедрасынын башчысы. Техника илимдеринин кандидаты, доцент;

Алтынбек Зулпукаров, 47 жашта. Кыргыз-өзбек университетинин сырттан окуу боюнча проректору. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент;

Шайымбек Эгембердиев, 52 жашта. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунун социалдык, маалыматтык технологиялар кафедрасынын доценти. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент.

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков 11-сентябрда билим берүү жана илим министри болуп дайындалганына байланыштуу анын орду бош турган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
288
Белгилер:
Университет, министр, шайлоо, ректор, Ош мамлекеттик университети (ОшМУ)
Тема боюнча
Жаңы министр Исаков Кудайбердиеванын иши боюнча пикирин билдирди. Видео
ОшМУ Россиянын 12 университети менен кызматташа турган болду
 Жакынкы күндөрү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Женевадагы имараты. Архивдик сүрөт

Кыргызстанга ДССУнун эксперттери келет. Сапардын максаты

8
(жаңыланган 20:59 13.07.2020)
Бүгүн вице-премьер Аида Исмаилова ДССУнун өкүлү Тасним Ататра менен алдыдагы кызматташтыктар боюнча сүйлөшкөн.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Жакынкы күндөрү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттери Кыргызстанга келери күтүлүүдө. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, алар өлкөдөгү учурдагы абалды баалоо жана коомдук саламаттыкты сактоо тутумун санариптештирүү боюнча "Жол картасын" иштеп чыгуу максатында келишет.

Кырдаал оор экен. Россиялык эксперттер ооруканаларга барып, КРдеги абалга баа берди

Бүгүн вице-премьер Аида Исмаилова жана ДССУнун өкүлү Тасним Ататра өзгөчө кырдаал шартында коомдук саламаттыкты сактоону башкарууну колдоо максатында маалыматтык агымды жана ресурстарды координациялоо маселесин талкуулашкан.

Жолугушуунун натыйжасында уюмдун өкүлдөрү коомдук саламаттыкты сактоо тутумунун бирдиктүү базасын түзүүгө, программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана адистерди окутууга техникалык жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдиришкени айтылат.

8
Белгилер:
келүү, эксперт, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Аида Исмаилова
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
ДССУ жаңы вирус тууралуу айткан кытайлык окумуштууларга жооп берди
ДССУ: дүйнөдө коронавируска каршы 141 вакцина иштелип чыгууда
Москвадагы Бурденко атындагы госпитальда өткөзүлгөн вакцина сыноолору. Архивдик сүрөт

Россияда коронавирустун вакцинасы пайдаланууга качан чыгары айтылды

143
(жаңыланган 20:49 13.07.2020)
Вакцина Гамалея илимий-изилдөө борборунда жасалып, 18-июндан баштап Сеченов университети менен Бурденко атындагы аскердик госпиталындагы ыктыярчыларга сыналып жатат.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Россияда коронавируска каршы вакцина 14-15-августта пайдаланууга чыгышы мүмкүндүгүн РИА Новости жазды.

Препарат Гамалея атындагы улуттук эпидемиология жана микробиология илимий-изилдөө борборунда жасалып, 18-июндан баштап Сеченов университети менен Бурденко атындагы аскердик госпиталындагы ыктыярчыларга сыналып жатат.

Коронавирусту кандай адамдар жеңил же симптому жок көтөрөт? Жаңы пикир

Коргоо министрлигинин айтымында, бүгүн оорукананын адистери вакцинаны 20 кишиден турган ыктыярчылардын экинчи тобуна сайышкан. Алар учурда өзүн жакшы сезип жатканы жана дарыгердин көзөмөлүнө алынганы белгиленет. Аларды бир жумада чыгаруу пландалып жатат.

"Иштелип чыга турчу иммундук системанын натыйжасына жана өзгөчөлүгүнө анализдин жыйынтыгы боюнча баа берилмекчи. Гамалея борборунун адистеринин маалыматы боюнча, волонтёрлордо иммунитет жаралчу күн алыс эмес", — деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Гамалея борборунун директору Александр Гинцбург РИА Новостиге билдиргендей, вакцинаны сыноонун экинчи фазасы 28-июлга чейин созулат. Андан кийин препаратты каттоого арыз берилип, ал эми 14-15-августта жалпы пайдаланууга чыгышы мүмкүн. Илимпоз белгилегендей, буга катар эле эксперттер байкоолорду улантышат: эгерде кандайдыр бир терс таасирлер байкалса, Саламаттыкты сактоо министрлиги артка кайтарууга укуктуу.

Аспирин, гепарин жана дексаметазон кандай шартта колдонулат. Адистин кеңеши

"Жакынкы аралыкта вакцинаны дарыканалардан сатып алуу мүмкүн эмес деп ойлойм. Анткени мамлекет бардыгын өзү сатып алып, медициналык мекемелерге таратат деп үмүттөнөм. Анан алар атайын көрсөтмө же календарь боюнча акысыз түрдө элге сайса керек. Бул дагы жакындаганда билинет", — деген Гинцбург.

Директор кошумчалагандай, ал жетектеген борбор сентябрь айынын ортосунан баштап дары өндүрө баштайт деп үмүт арткан компаниялар көп экенин кошумчалаган.

143
Белгилер:
вакцина, препарат, коронавирус, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
ДССУ: дүйнөдө коронавируска каршы 141 вакцина иштелип чыгууда
Эксперт Россияда коронавируска каршы вакцина алгач кимдерге сайыларын айтты