ОшМУга жаңы ректор шайланды

© Sputnik / Асель АкматалиеваЗаместитель минобрнауки КР Кудайберди Кожобеков
Заместитель минобрнауки КР Кудайберди Кожобеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуу жайдын мурдагы ректору Каныбек Исаков 11-сентябрда билим берүү жана илим министри болуп дайындалганына байланыштуу орду бош турган.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 5-ноябрь күнү, Ош мамлекеттик университетине Кудайберди Кожобеков ректор болуп шайланды. Бул туурауу окуу жайдын жетекчиилигине шилтеме берип Sputnik агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди.

"Шайлоого 1594 мугалим катышып, анын ичинен 1532си Кожобековдун талапкерлигин колдоп беришти. Добуш берүү урнага бюллетень салуу жолу менен жүргүзүлдү", — деди кабарчы.

Кудайберди Кожобеков 44 жашта. 2017-2019-жылдары билим берүү министринин орун басары болуп иштеген. Каныбек Исаков кеткенден кийин ректордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент.

Жаңылыктар түрмөгү
0