Көмүр сатуучу жай. Архив

Бишкек шаарындагы көмүр сатылган жайлар. Дареги

Азыркы тапта кампаларда Кара-Кече көмүрүнүн тоннасы 4000 сомго жетти. Ал эми Кара-Жыра, Шабыркөл тартыш болуп жатканы маалым болду.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. "Кыргызкөмүр" ишканасы расмий сайтына Бишкек шаарындагы көмүр сатылган жайлардын даректерин жарыялады.

Азыркы учурда Бишкекте Кара-Кече көмүрүнүн тоннасы 3800-4000 сомдон сатылууда. Ал эми Казакстандан келген Кара-Жыра, Шабыркөл көмүрлөрү тартыш болуп жатат.

Ленин району

  • "Ак-Жол" ЖЧКсы, Мурманск көчөсү, №1а;
  • "Торг-Синтез" ЖЧКсы, Мурманск көчөсү, №59а;
  • Мурманск көчөсү, 18б;
  • Мурманск көчөсү, 259;
  • Дэн-Сяопин көчөсү, "Акун" ишканасынын тушу;
  • Гагарин көчөсү, 67;
  • Гагарин көчөсү, 86;
  • Барикадный туюк көчөсү, 2;
  • Саранск туюк көчөсү, 2;
  • Пушкин көчөсү, 182.

Биринчи Май району

  • Дэн-Сяопин көчөсү, 451;
  • Месароша көчөсү, 100;
  • Кайназаров — Профсоюз көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Щербаков көчөсү, 121.

Свердлов району

  • Фере — Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Достоевский көчөсү, 1;
  • Орозбеков — Саадаев көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Келечек жаңы конушу (мектептин жанында);
  • Ак-Бата жаңы конушу (жаңы конушка кире берген жер, айланма трассанын бою).

Октябрь району

  • "Торго-Синтез" ишканасы, Төкөлдөш жаңы конушу.

Эгер суроолор жаралса ишкананын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 0312 57 74 81 телефон номерине чалып, кошумча маалымат алууга болот.

Белгилер:
көзөмөл, нарк, баа, көмүр, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда Казакстандын көмүрү тартыш болуп жатат. Видео
Кышка даярдык: Бишкек ТЭЦине 304 миң тонна көмүр жеткирилди
Ортомчулар көмүрдүн наркын көтөрүп жибердиби? Бааны ким көзөмөлдөйт?
Археологиялык казуулар. Архив

Бишкектен анча алыс эмес жерде балбал таш табылды. Сүрөт

(жаңыланган 22:16 14.04.2021)
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.

Обнаруженный в грунте балбал в селе Интернациональном недалеко от Бишкека
© Фото / предоставлено Павлом Камаевым
Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган

Балбал — бул адамдын сөлөкөтү чегерилген таш эстелик. Камаев аны кантип таап калганын айтып берди.

"Ал күнү мен жумушта болчумун, жер казып атып бир маалда катуу бир нерсеге тийгендей болдум. Карап, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Топурак алдында анча чоң эмес таш эстелиги жатыптыр. Бийиктиги болжол менен бир метрди түзөт. Анын бир колунда чөйчөк тартылган. Табылга жакшы жышаан экенин, мындай жерлерде белгилүү аскер адамы да көмүлгөнүн окугам", — деди ал.

Ал табылгасын адистерге берүү үчүн Маданият, маалымат жана спорт министрлигине барган.

"Балбал ташты өзүмө алып калайын деп эч ойлонгон жокмун. Министрликтегилер айтканымды угуп, анын мынча тереңдикте жатканына таң калышты. Себеби мен аны үч метр тереңдиктен таап чыккам да. Ал жакта бул таш кандайча жатып калганы табышмак", — деди Камаев.

Вид на Государственный исторический музей в центре Бишкека во время реконструкции
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады

Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.

Белгилер:
табылга, эстелик, таш, балбал, Чүй облусу, Бишкек
Тема боюнча
Енисейди бойлой Барсбектин мүрзөсүн издегенде... Юлий Худяков менен маек
Бишкектеги Курманжан Датка эстелиги. Архивдик сүрөт

Бейшембиге карата аба ырайы

Күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн бийик тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +21…+26, Талас жергесинде +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +15…+20 градуска чейин көтөрүлөт.

Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +24…+26 градус жылуу болот.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Бишкекте түркүн түстүү жоогазындар гүл ачты. Ажайып сүрөттөр

Кер мурут жигит Сүймөнкул Чокморов. Улуттук банктын улуу инсан тууралуу видеосу

(жаңыланган 23:26 14.04.2021)
Улуттук банк кыргыз банкноталарына түшүрүлгөн белгилүү инсандар тууралуу видеолорду жарыялоодо. Бул ирет банк легендарлуу актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов тууралуу видеоролик жарыялаган.

Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.

Кадр алмашып, Чокморов "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы Карабалтанын образында болуп калат.

Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.

Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.