БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Турдакун Усубалиев Кыргызстанды кооптуу долбоорлорду ишке ашыруудан сактап калган. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган салтанатта билдирди.
Мамлекет башчысы учурунда Усубалиев Соң-Көлдүн суусун Нарын дарыясына бурабыз деген коогалаңдуу долбоордон жана Чаткал дарыясына суу сактагыч куруп, ал территорияны сууга бастыра турган коркунучтан сактап калганын улуу муун жакшы билерине токтолду. Аны менен катар Чүйдө кара куурайды өстүрүүнү токтотууга жетишкенин айтты.
"Чүйдө кара куурайды, Ысык-Көлдө апийимди өстүрүүнү токтотуу үчүн Союздун деңгээлинде кайра-кайра маселе коюп жүрүп элибиздин генофондун зыян келтирчү чоң кырсыктан сактап калган. Бул аракеттери анын канчалык көрөгөч жана даанышман, өз эли-журтун сүйгөн мыкты патриот уул болгондугун айгинелеп турат", — деди Жээнбеков.
Президент өз сөзүндө Усубалиевдин кылган эмгеги башынан аягына чейин жалпы элге, өлкөнүн кызыкчылыгына арналганын белгиледи.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстан "COVID-19 жок саякаттайм" санариптик платформага кошулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, платформага тесттик режимде эки аккредитациядан өткөн лабораторияларда бар. Тагыраагы, бири Ооруларды алдын алуу мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинде (Бишкек) болсо, экинчиси Оштогу Санэпидкөзөмөл борборунда.
Саламаттык сактоо министрлиги система кантип иштей турганын түшүндүрүп берди. Коронавируска ПЦР-тест тапшыруу үчүн жаран App Store же Google Play интернет дүкөнүнөн "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесин көчүрүп алышы керек. Ал тест тапшырууга мүмкүн болгон жакынкы жердеги лабораториянын дарегин көрсөтүп берет. Лабораторияга барган кезде тесттин жыйынтыгын тиркеме аркылуу алуу ниетин билдирүү керек. Мындай учурда жаранга анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугун сураган бланк берилет. Бланкадагы QR-кодду мобилдик тиркеме аркылуу сканерлеп алуу зарыл.
Система ЕАЭБ аймагында гана инфекциянын жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында иштейт. Тизмеге жеке клиникаларды дагы кошуу пландалып жатат.
Буга чейин системага Беларусь, Армения жана Россия кошулган.
Кыргызстандык бала бир мүнөттүн ичинде теннис столунун үстүндө нунчак менен 49 ирет топту тосуп кайра урган. Рекорддун видеосу Interrecord эл аралык агенттигинин YouTube-каналына жарыяланды.
Interrecord — рекорддорду каттоого алган эл аралык агенттик. Алар 10 жаштагы кыргыз баланын рекордун расмий түрдө каттоого алган. Бул боюнча сертификатты Ташмаматовго агенттиктин директору Влад Капыло тапшырган.
"Я почти знаменит" долбоору Биринчи каналда (Россия) жыл жаңырганда башталган. Анда катышуучулар телекөрүүчүлөргө элде жок өнөрлөрүн көрсөтөт. Ар бирине мүмкүнчүлүк берилип, аларды үч адамдан турган калыстар тобу баалайт.
Ар бир тандоо турунда 11 катышуучу финалга чыгуу үчүн таймашат. Программанын баш байгеси — үч миллион рубль.
Белгилей кетсек, Брюс Лини туурап, анын ыкмаларын жасаган кыргызстандык бала буга чейин Биринчи каналдын "Лучше всех" долбооруна да катышкан.