Мешке таштанды менен желим жакпагыла! Салынчу айыптын көлөмү

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЭски дөңгөлөктөр. Архив
Эски дөңгөлөктөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санитардык-экологиялык кызматтын инспекторлору абаны булгагандарды аныктоо үчүн рейд жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаар тургундарын мешке таштанды менен желимди жакпоого чакырып, эреже бузгандарга айып салынарын эскертти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык санитардык-экологиялык инспекция менен райондук акимиаттын кызматкерлери күн сайын шаарды көзөмөлгө алышууда.

Бишкектин үстүндөгү кара түтүн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекти быйыл да кара түтүн каптайбы? Өкмөттүн көргөн чаралары
Күн сууктагандан кийин мешке желим жана таштанды жаккан фактылар аныктала баштаган. Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстин 71-беренеси боюнча таштанды жаккан жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салынат. Ал эми өндүрүш таштандылары менен башка предметтерди жаккандарга, ошондой эле жалбырак өрттөгөндөргө 7,5 миңден 23 миң сомго чейин айып каралган.

Эреже бузгандар боюнча маалыматтарды төмөнкү номерлер аркылуу кабарласаңыздар болот:

  • (0312) 56-81-59 — мэриянын санитардык-экологиялык күзөтү;
  • (0505) 88-83-15 — санитардык-экологиялык күзөттүн WhatsApp каналы (сүрөт, видео үчүн).
Жаңылыктар түрмөгү
0