Кыргызстандык ишкер кайнатасынын жаркын элесине арнап ИИМге белек берди

© Фото / Пресс-служба МВД КРПодарок Медицинскому управлению МВД КР реанимобиль
Подарок Медицинскому управлению МВД КР реанимобиль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Исагалиев белекти 40 жыл бою тергөөчү болуп иштеп, кийин оорудан улам көз жумган кайнатасы Сапардин Аскаровдун жаркын элесине арнап берген.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Мирлан Исагалиев аттуу ишкер ИИМдин медициналык башкармалыгына реанимобиль белек кылды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн унаанын ачкычын тапшыруу салтанаты болду. Маалыматка караганда, Исагалиев белекти 40 жыл бою тергөөчү болуп иштеп, кийин оорудан улам көз жумган кайнатасы Сапардин Аскаровдун жаркын элесине арнап берген. 

© Фото / Пресс-служба МВД КРМирлан Исагалиев аттуу ишкер ИИМдин медициналык башкармалыгына реанимобиль белек кылды
Кыргызстандык ишкер кайнатасынын жаркын элесине арнап ИИМге белек берди - Sputnik Кыргызстан
Мирлан Исагалиев аттуу ишкер ИИМдин медициналык башкармалыгына реанимобиль белек кылды
"Бейтапканадагы жабдыктар менен техниканын жетишсиздигин көрүп Мирлан Исагалиев дарыгерлерге колунан келген жардамын берүүнү чечиптир. Ал укук коргоо органдары менен саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери ар дайым биринчи жардамга келишерин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

ИИМдин медициналык башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Метеров жамааттын атынан ишкерге ыраазычылык билдирип, дарыгерлер ар дайым адам өмүрүн куткарып калууда бардык күчүн жумшай турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0