Боор рагынын алгачкы белгиси айтылды. Иликтөө

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПластиковая посуда
Пластиковая посуда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адам этинен түшүп кетсе, териси менен көзүнүн агы саргара баштаса жана алсыраса, аталган илдетке кабылганынын белгиси болуп саналат.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Курсактын тез эле тоюп калышы боор рагынын белгиси болушу мүмкүн. Бул тууралуу Улуу Британиянын Ракты изилдөө борборунун адистери айтып беришти.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркекти бүк түшүргөн простата рагы. Оорунун жаңы себептери аныкталды
Окумуштуулардын айтымында, боордогу шишик кан басымды көтөрүп, мындан кан тамырлардагы суюктук ичке топтоло баштайт. Бул өз кезегинде курсак тойгондой сезим калтырат.

Андан сырткары, адам этинен түшүп кетсе, териси менен көзүнүн агы саргара баштаса жана алсыраса да аталган илдетке кабылганынын белгиси болуп саналат.

Буга чейин уйку безинин акыркы стадиясы менен жабыркап жаткан америкалык журналист жана алып баруучу Алекс Требек оорунун көпчүлүк маани бербеген белгилери тууралуу коомчулукка айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0