Жээнбеков: мойнубузда тарыхый ыйык жоопкерчилик бар

Жазылуу
Президент Кыргызстан жарандардын этникалык, диний көп түрдүүлүгүн сактап, элдин биримдигин бекемдөө менен коюлган максаттарга жете тургандыгына токтолгон.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө байланыштуу Кыргызстан элине кайрылуу жолдоду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Өлкө жетекчиси өз сөзүндө ушул күндөрү тарыхыбыздагы тагдыр чечүүчү мезгилдерди унутпай, ата-бабаларыбызды эскерип, алардын элесине таазим этерибизди айткан.

"Алар кылымдарды карыткан кыйын кезең жолдорду басып өтүп, бизге сыймык тартуулаган тарыхты мурастады. Элибиз орто кылымдарда Улуу кыргыз дөөлөтүн түзүп, кийин мамлекетин жоготуп, тарыхтын оор сыноолорун башынан кечирди. Кылымдар бою эңсеген элдин мүдөөсү аткарылып, 1991-жылы эгемен мамлекетибизге ээ болдук, мамлекеттүүлүгүбүз кайрадан жаралды. Биз ата-бабаларыбыздын элесинин алдында мамлекетибиздин келечеги үчүн тарыхый ыйык жоопкерчиликти сезип турабыз", — деп айтылат маалыматта.

Анда тагдыр чечүүчү тарыхый окуялар туурасында айтылып, анын барк-баасы боюнча кеп болгон.

Встреча президента Сооронбая Жээнбекова с руководителями СМИ Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Журналисттер кандай ойдо калышты? Президент менен жолуккандан кийинки 7 пикир
"Улуу мамлекеттик ишмерлерибиздин чечкиндүү эмгеги менен РСФСРдин курамында 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү, ал эми 1936-жылы Кыргыз ССРинин түзүлүшү тагдыр чечүүчү тарыхый окуя болду. Бул окуялардын баасы өтө бийик, саясий репрессияда курман болгондордун өмүрү менен өлчөнөт", — деп жазылган билдирүүдө.

Президент Кыргызстан жарандардын этникалык, диний көп түрдүүлүгүн сактап, элдин биримдигин бекемдөө менен коюлган максаттарга жете тургандыгына токтолгон.

Ал элге аманчылык, жергебизге тынчтык каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0