Книга про кыргызского ученого и государственного деятеля Касыма Тыныстанова

Алгачкы кыргыз профессору. Касым Тыныстанов тууралуу 8 факты

899
(жаңыланган 15:43 07.11.2019)
Кыргыз тил илиминин түптөөчүсү, жазма адабиятыбыздын негиз салуучусу, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, реформатор жана биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстанов туптуура 81 жыл мурун жалган жалаага кабылып, атууга кеткен.

Касым Тыныстановдун өз мезгилинен кыйла алдыга озгон, улуту үчүн чын жүрөктөн күйгөн, илим менен көркөм чыгармачылыкта баа жеткис эмгектерди жасаган улуу инсан экендигинде талаш жок. Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз жазма адабиятынын жана тил таануу илиминин баштоочуларынын бири болгон илимпоз тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Илимге кызыккан бала. Касым Тыныстанов 1901-жылы 10-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Чырпыкты айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ата-энесинин социалдык абалы тууралуу так маалымат жок. Колунда кенедей байлыгы жок кедей дегендер да, мал-жаны бар тектүү жердин тукуму дегендер да кездешет. Кандай болгон күндө да атасы Тыныстан араб тамгасында анча-мынча окуп, кат-сабаты жоюлган адам болгону чын. Ал уулунун окууга болгон дилгирлигин байкап, жашы сегизге жеткенде айылдагы молдодон билим алууга жөнөтөт. Диний мектепте үч жыл арабча тамга тааныган соң Касым Сазановка айылында башталгыч мектепте окуп баштайт. Жаш кезинен эле илим-билимге, адабиятка катуу кызыккан Тыныстанов дароо эле окуучулардын алдыңкысы болуп чыга келет. Тилчини окуучулук кезинен бери жакшы билген окумуштуу Кусейин Карасаев "жаштайынан эле башкалардан айырмаланып турган таланттуу инсан эле" деп эскерген жайы бар. Бирок болочоктогу илимпоз үчүн айыл жергесиндеги жөнөкөй мектептер берген билим жетишсиз эле. Мындан улам 1914-жылы өз мезгилинин эң алдыңкы окуу жайларынын бири болгон Каракол шаарындагы жергиликтүү орус мектебине кабыл алынат. Бул жерде орус тили, география, арифметика жана тарых жаатында сабак алат.

Окуусун таштап Кытайга качкан. Тилекке каршы, Касым Тыныстановдун толук кандуу билим алуусу 1916-жылы үзгүлтүккө учурайт. Бүткүл кыргыздын башын кайгыга бөлөгөн азаптуу Үркγндүн запкысын илимпоз да тартат. Ата-энеси менен бирге дүрбөгөн элге кошулуп Кытайга качат. Бөтөн жерде жергиликтүү байларга жалданып иштеп, эки жыл жүргөн соң, 1918-жылы, өз мекенине кайтып келишет. Тыныстанов билим алууну улантууну каалагандыктан Ысык-Көлдүн Тепке айылындагы таякелеринин жанында калат. Бирок бул жердеги окууга ичи чыкпай, 1919-жылы жөө Алматыга аттанат. Ал мезгилде Ташкенттеги Агартуу институту Борбор Азиядагы эң алдыңкы окуу жайлардын бири эле. Бул жерде элдин сабатын жоюу үчүн заманбап мугалимдер даярдалчу. Мындан улам Тыныстанов да Ташкентке жөнөтүлүп, Агартуу институтунун даярдоо бѳлүмүнѳ кабыл алынат. 

Книги кыргызского ученого и государственного деятеля Касыма Тыныстанова
© Sputnik / Азат Акаев
Касым Тыныстанов 1924-жылы "Окуу китебин" түзүп, андан соң "Чондор үчүн алиппени", "Эне тилибиз", "Социалдык-экономикалык сѳздүк", "Кыргыз тилинин морфологиясы" жана "Кыргыз тилинин синтаксиси" сыяктуу тилибиздин негизин түзгөн эмгектерди жаратат.

Ташкентте башталган илим жолу. Анын илимий ишмердиги жогорку окуу жайда окуп жүргөн кезинде эле башталат. 1920-жылы казак тилинде чыккан "Жаңа Өрис" гезитине бөлүм башчысы болуп дайындалат. Бирок бул кызматта бир жыл турган соң катуу ооруп, кичи мекени Караколго жөнөөгө аргасыз болот. Өз үйүндө да бош жүрбөй драматург катары талантын сынап көрүүнү чечет. Ошентип Кыргызстандагы алгачкы театр труппасын түзгөн жайы бар. Дартынан айыккан соң окуусун улантуу үчүн кайрадан Ташкентке сапар алып, ал жерде "Ак-Жол" гезитинде, "Жас Кайрат", "Сана" журналдарында иштейт. Аталган басылмаларда кыргыз тилиндеги материалдарды уюштуруп, алардын басмага берилүүсүнө жооптуу болот. Ошол эле кезде Түркстан АССРинин Агартуу комиссариатындагы Кыргыз илимий комиссиясынын мүчөлүгүнө кабыл алынат. Институтту 1924-жылы ийгиликтүү аяктап мекенине кайтат.

Элдин сабатын жойгон илимпоз. Совет доору жаңы гана орноп, сабаттуу инсандар жетишсиз кезде өлкөгө Касым Тыныстановдой адамдар абдан керек болгон. Андыктан 1925-жылы жашы 24кө келгенде Кыргыз автономиялуу облусунун Академиялык Борборунун кыргыз бѳлүмүнүн катчылыгына  дайындалат. Алгач Каракол шаарында мугалимдерди даярдоо курстарын өтөт. Андан соң элди агартуунун сапатын дагы да көтөрүү үчүн Кыргыз педагогикалык институтунда мугалим болуп иштеп баштайт. Студенттерге сабак берип жүрүп 1932-жылы доценттик, 1936-жылы профессорлук наамын алат. Ошентип мындай улук даражага жетишкен эң биринчи кыргызга айланат. 1920-жылдардын экинчи жарымын өлкө аймагында жаңы мектептер массалык тγрдѳ ачылып баштаган кез эле. Бирок бул жаатта чечиле элек көйгөйлүү маселелер толтура болчу. Кадрлардын жетишсиздиги, динге басым жасаган эски мектептер жана эне тилиндеги окуу китептеринин жоктугу алардын бир бөлүгү гана эле. Тыныстанов дал ушул маанилүү маселелерди чечүүнү негизги жарандык-атуулдук милдети катары  эсептеп, бул жаатта күн-түн дебей иш алып барат. Анын жыйынтыгында мурда саналуу болгон мугалимдердин саны 1933-жылы үч миңден ашат. Революцияга чейин өлкө аймагында 99 мектеп болсо, 1930-жылы саны 990го жетет. Ошондой эле ал азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, тилибиздин тунгуч окуу китептерин, алгачкы грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзөт. Кыргыз тилин алгач араб алфавитине, андан соң латынчага жана акыркы болуп орус тамгаларына ылайыкташтырууга алгачкылардан болуп үндөп, бул жаатта эбегейсиз иштерди жасайт. 1924-жылы "Окуу китебин" түзүп, андан соң "Чоңдор үчүн алиппени", "Эне тилибиз", "Социалдык-экономикалык сѳздүк", "Кыргыз тилинин морфологиясы" жана "Кыргыз тилинин синтаксиси" сыяктуу тилибиздин негизин түзгөн эмгектерди жаратат. 

Книги кыргызского ученого и государственного деятеля Касыма Тыныстанова
© Sputnik / Азат Акаев
Тыныстанов 1937-жылы Москвада жүргөн жеринен чакыртылып, эч себепсиз партиядан чыгарылып, камакка алынат. 1938-жылы 5-ноябрда СССР Жогорку Аскер сотунун жабык жыйынында күнөөлүү деп табылып, атууга чечим чыгарылат. Өкүм эки күндөн кийин, 7-ноябрда, аткарылган.

Кыргыз адабиятына негиз салган. Касым Тыныстанов 37 жылдык ѳмүрүнүн кѳп бѳлүгүн мамлекеттик жана илимий жумуштарга арнагандыктан кѳркѳм чыгарма жазууга убактысы аз болгон. Ошентсе да анын кыргыз адабияты үчүн кошкон салымы чоң. Чыгармачылыгы студенттик кезинде гезиттерде иштеп жүрүп казак тилинде жазган бир нече ыры менен башталат. Ал эми кыргыз тилиндеги алгачкы "Ала-Тоо" аттуу ыры 1922-жылы жарыкка чыгат. Ошол эле учурда Тыныстанов кыргыз прозасына негиз салгандардын бири. Анын "Мариям менен көл боюнда" повести кыргыз реалисттик прозасынын алгачкы өрнөгү катары эсептелинет. 1924-жылы "Жас кайрат" журналына чыккан бул чыгармада бири-бирине жетпей калган эки жаштын арманы баяндалган. Ошондой эле 20-кылымдын башындагы оор социалдык көйгөйлөр, кыздардын кордолушу чагылдырылган. Ал эми анын 1919-1924-жылдар аралыгында жазган ырларын камтыган "Касым ырларынын жыйнагы" 1925-жылы Москвада басылган. Жеке чыгармачылык менен гана чектелип калбай, кыргыз элине таандык оозеки эмгектерди, "Манас" эпосун жыйноого зор көңүл бөлүп, бул жаатта бир нече көлөмдүү илимий макалаларды жазган. Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас" үчилтигин толук жазып алуунун демилгечиси болгон. Ага кошумча, Тыныстанов тунгуч көркөм котормочу катары да белгилүү. Ал орус жазуучусу Иван Крыловдун тамсилдерин жана Коммунисттик партиянын гимни "Интернационалды" биринчилерден болуп кыргызчага которгон. Ошондой эле орус революциячыл ырларын "Өзгөрүштүн ырлары" деген ат менен которуп, китеп кылып чыгарган.

"Эл душманы" аталуу. Касым Тыныстанов жаш кезинде кургак учук менен ооруп, бул дарты 1930-жылдардын башында кайрадан козголот. Дарыгерлердин сунушу менен бир жылга жакын айылында дарыланып келип, жаңы эле ишке киришкен кезинде ага "эл душманы" деген жалаа жабылат. Буга ошол кездери театрда коюлуп жаткан Тыныстановго таандык "Академиялык кечелер" спектакли негиз болот. 1933-жылдын башында жазуучу Аалы Токомбаев "Кызыл Кыргызстан" гезитине "Академиялык кече тууралуу" жана "Академиялык кеченин тыянагы" деген эки макала жазат. Анда Тыныстановго карата катуу сын айтылып, улутчулдукка, панисламчыл, пантүркчүл идеяларына сугарылган, эски заманды, бай-манаптарды мактаган деген айыптар тагылат. Ошондой эле жаш кезинде "алаш ордочулар" (1917-20-жылдардагы Казакстан менен түндүк Кыргызстандагы саясий кыймыл) менен санаалаш болуп, алардын пикирлерин колдогон деген күнѳѳ да коюлат. Чындыгында кыргыздын мындай эки залкар инсанынын ортосундагы тирештин келип чыгуусунун өз себеби бар.  Замандаштарынын эскерүүсүнө караганда, Аалы Токомбаев 1924-жылы "Ленин тууралуу" ырлар жыйнагын жазган. Ошол кезде Илимий комиссияда иштеген Тыныстанов Токомбаевдин чыгармаларын чийки, али бышып-жетиле элек деген сын-пикирин билдирген экен. Экөөнүн арасындагы келишпестик ушундан улам пайда болгон деп айтылат. Тыныстанов 1937-жылы Москвада жүргөн жеринен чакыртылып, эч себепсиз партиядан чыгарылып, камакка алынат. 1938-жылы 5-ноябрда СССР Жогорку Аскер сотунун жабык жыйынында күнөөлүү деп табылып, атууга чечим чыгарылат. Өкүм эки күндөн кийин, 7-ноябрда, аткарылган. 

© Sputnik / Эмиль Садыров , Акылбек Батырбеков
Тоо түбүндөгү "Ата-Бейит". Трагедиялуу тагдырлар, ата-бала Айтматовдор жаткан жай

"Кара тизмедеги" илимпоз. Касым Тыныстановдун ысымы атылгандан кийин да ондогон жылдар бою "кара тизмеден" алынбай келген. Аты илимий чөйрөдө эскерилбей, өзү даярдаган бир нече эмгеги жарыкка чыкпай, жасаган эмгектери бааланбай калган. 1957-жылы жубайы жана уулунун кайрылуусунан кийин СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясы Тыныстановго карата чыккан өкүмдөрдүн баарын жокко чыгарат. Бирок тилчинин партиялуулугун калыбына келтирүү дале болсо кыйынга турат. Бийликтеги аткаминерлердин бир нече жолку талашып-тартышууларынан кийин гана, 1958-жылы партиялык билети калыбына келтирилет. Тилчи каза болгондон жарым кылымдан кийин гана толугу менен акталат. 1988-жылы партиянын Борбордук комитети илимпозду актап, анын кыргыз илим чөйрөсүндөгү ишмердиктери кайрадан бааланып, адабий мурастары тууралуу тарыхый чындык ордуна келтирилет.

Үй-бүлөсү. Касым Тыныстанов менен жубайы Турдубүбү эки уул, эки кызды тарбиялашкан. Советтик революцияга чын жүрөгүнөн ишенген илимпоз балдарына Теңдик, Эркиндик, кыздарына Бирдик, Кишимжан аттуу ысымдарды берген. Тыныстанов атууга кеткенден кийин жесир калган Турдубүбү апа балдары менен бирге катуу азап тартат. Кай жерге барбасын "эл душманынын үй-бүлөсү" делип, эч жерге батпай, өз элинде бөтөнгө айланат. Ошентсе да эч кимге зар болбой, балдарын билимдүү кылып тарбиялаганга жетишет. Жубайлардын тун уулу Теңдик туугандарынын эскерүүсүнө караганда, атасын тарткан өткүр, зээндүү бала болгон. Ал Улуу Ата Мекендик согуш башталганда кан майданга аттанып, ал жактан башына ок тийип, жарадар болуп келет. Ага карабай дарыгер болууну самап, медициналык окуу жайга тапшырат. Бирок дарт коё бербей, 1947-жылы энесинин колунда кыйналып жатып каза табат. Агасынын жетпей калган кыялын экинчи уулу Эркиндик орундатат. Ал хирургия бөлүмүн ийгиликтүү аяктайт. Коомчулуктун бут тосуусуна, жаман сөзүнө карабай бир нече райондук ооруканаларда башкы дарыгер болуп иштеп, медицина илимдеринин кандидаты, доцент наамдарын алат.

899
Белгилер:
адабият, илимпоз, факты, эне тил, кыргыз тили, билим, илим, Касым Тыныстанов
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (315)
Тема боюнча
Өлкөнү кыйроодон сактап калган. Турдакун Усубалиев тууралуу айтылбаган 10 факты