Объективдүү, ар тараптуу болушуңарды каалайм. Жээнбеков журналисттерди куттуктады

Жазылуу
Президент журналисттер милдетин ишенимдүү аткарып келе жаткандыгын белгилеп, аларга бекем ден соолук, бакубатчылык жана чыгармачылык ийгиликтерди каалаган.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков журналисттер менен басма сөз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Маалымат — коомдук турмуштун ажырагыс бөлүгү. Коомдун ачыктыгын, мамлекеттик чечимдердин айкындыгын, жарандарыбыздын объективдүү кабарга болгон муктаждыгын камсыз кылууда маалымат каражаттарынын ролу эбегейсиз жогорулады. Сиздер өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салымыңарды кошуп жатасыңар", — деген Жээнбеков.

Ал ошондой эле журналисттер милдетин ишенимдүү аткарып келе жатканын белгилеген.

Встреча президента Сооронбая Жээнбекова с руководителями СМИ Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Журналисттер кандай ойдо калышты? Президент менен жолуккандан кийинки 7 пикир
"Сөз эркиндиги — өлкөбүздүн негизги жетишкендиктеринин бири. Эркиндик жоопкерчиликти жана калыстыкты талап кылат. Мамлекеттеги окуяларды чагылдырууда объективдүү жана ар тараптуу болуусун каалайм. Өлкөбүздөгү туруктуулукту, тынчтыкты жана биримдикти көздүн карегиндей сактоо — ар бирибиздин ыйык парзыбыз. Сиздердин мекенчилдик позицияңыздарга, жогорку чыгармачыл дарамет менен жасаган ишиңиздерге ыраазылык билдирем", — деп айтылат маалыматта.

Өлкө башчы ЖМК өкүлдөрүнө бекем ден соолук, бакубатчылык жана чыгармачылык ийгиликтерди каалаган.

Маалымат жана басма сөз күнү 1993-жылдан бери белгиленип келет. Бул күн улуттук "Эркин Тоо" гезитинин алгачкы санынын 1924-жылы 7-ноябрда чыгышы менен байланыштуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0