17 жылдан бери үн катпаган улан сүйлөп таң калтырды. Сүрөт

CC0 / Pixabay / Mabel AmberБасып бараткан бала. Архив
Басып бараткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми кайдыгер карабаган адамдар Дэвидге жардам берүү үчүн дүйнөнүн булуң-бурчунан колдоо сөздөрүн жазып жана белектерин жөнөтүп жатышат.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Америкалык Керри Блох жана анын аутизм менен жабыркаган уулунун тарыхы көп адамды кайдыгер калтырбай, көңүлүн ойготкон. Бул туурасында Buzzfeednews жазды.

​Керри Twitter аккаунтуна 21 жаштагы уулу Дэвиддин сүрөтүн жайгаштырган. Анда улан көптөн бери сүйлөө мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, бир топ жыл өткөн соң үн катканы жазылган.

"Аутизм менен ооруган 21 жаштагы уулум киши менен сүйлөшө албайт. Бүгүн ал мага "Деги мен кимдир бирөөгө жагамбы?" деген суроо берди", — деп жазды энеси.

Отец ребенка с аутизмом Мирлан Ишенов - Sputnik Кыргызстан
Аутист баланын атасы: чүрпөсүнүн дартын угуп таштап кеткен эркектерге айтарым бар
Америкалык аял дарыгерлердин балалуу боло албайсың деп айтканына карабай 40 жашында төрөгөн. Төрт жашка чыкканда Дэвидден аутизмдин оор белгилери байкала баштап, сүйлөбөй калган. Кийинчерээк баладан иммундук жетишсиздикти табышкандыктан, үйдөн окууга туура келген. 

Дэвиддин энеси уулу жалгыз экендигин жана анын достору жоктугун айткан. Эми анын Twitter аккаунтуна жазган постунан кийин кайдыгер карабаган адамдар Дэвидге жардам берүү үчүн дүйнөнүн булуң-бурчунан колдоо көрсөткөн кат жазып баштаган. Андан сырткары, белектерди жөнөтүшкөн. Маалыматта бул азыр да уланып жатканы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0