Милиция Бишкекте жоголгон 28 жаштагы кызды издеп жатат. Сүрөт

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖолдо бараткан кыз. Архив
Жолдо бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин тургуну ноябрдын башынан бери туугандарына жана тааныштарына байланышка чыга элек. Милиция кыздын жүргөн жерин билгендер болсо кабарлап коюуну өтүндү.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Милиция 28 жаштагы бишкектик Нургиза Жузуеваны издеп жатат. Бул тууралуу ИИМдин нөөмөт башкармалыгынан билдиришти.

© Фото / МВД КРПропавшая в Бишкеке Нургиза Жузуева
Милиция Бишкекте жоголгон 28 жаштагы кызды издеп жатат. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Пропавшая в Бишкеке Нургиза Жузуева

Кыз ноябрдын башынан бери байланышка чыга элек. Арызды ички иштер органдарына анын тууганы жазган.

Милиция кыздын өзгөчө белгилерин атады: жашы 28де, бою 165 сантиметр, өтө арык же толук эмес, чачы узун жана кара, көзү күрөң.

Эгер сиз бул кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат билсеңиз же жүргөн жеринен кабарыңыз болсо, милиция төмөнкү номерлерге байланышып коюуну суранат: 0(312)- 351-270, 0(701)351-270, 0(702)102-702.

Жаңылыктар түрмөгү
0