Тез жардам кызматкерлери. Архивдик сүрөт

О дүйнөнү "көрүп келгендер" алгач эмне дешет? Реаниматологдун маеги

13156
(жаңыланган 19:30 08.11.2019)
Айназик Кадыралиева алты жылдан бери Тез жардам кызматында  иштейт. Кудайдын куттуу күнү адамдарды ажалдан арачалап, киши өмүрүн сактайт. “Суук тийип калган кишиге барып жаткан жокпуз да” дейт биздин маектешибиз жумушу тууралуу.

Айназик Кадыралиеванын Facebook баракчасын карап, жылмайбай коё албайсыз. Анда дайым врачтардын маянасы жөнүндөгү мыскылдар жарыяланып турат. Ошентсе да каарманыбыз абдан маңыздуу кесипке ээ, Айназик — борбор калаадагы Тез жардам кызматында кардиореаниматолог. 

Кардиореаниматолог Бишкекской скорой помощи Айназик Кадыралиева
© Фото / из личного архива Айназик Кадыралиевой
Айназик Кадыралиева алты жылдан бери Тез жардам кызматында иштейт.

— Келиңиз, кепти өтө маанилүү соболдон баштайлычы. Өлүмдөн калган адамдар эсине келгенде алгач эмне дешет?

— Мен да алардан тигил жактан эмне көргөндөрүн сурай берем. Кызык да! Бирок ушу кезге чейин бир нерсе көрүшкөнүн дегеле уга элекмин.

— Мага Facebook баракчаңыз жагат. Айрыкча, түнкү кезметиңиздеги сүрөтүңүз, үй-жайсыз адамдарды текшергенден кийин жаман жыттанып калганыңызды жазыпсыз...

— Адамдар кезметте турганда селфи сүрөт сурай беришет, ага кайдагы убакыт? Чарчап-чаалыгасың, тердеп-кургап жүрөсүң, жаман жыт урат. Мындай иш жийиркенчээк адамдарга ылайык эмес, ал эми үй-жайсыз адамдар менен иштөө андан да татаал.

Маселен, жакында эле ошондой бейтапты караш керек эле, заматта анын он чакты “кайрымдуу” достору мени тегеректей калып, туура эмес иштеп жатканымды айтып кыйкырып киришти... Мен да аларга бакырдым, аны жашырбайм.

Дагы бир мисал, өткөндө абактагы катуу формадагы ичеги инфекциясы бар кишиге жардам көрсөтүш керек эле. Абалы кескин начарлап кетиптир, төшөктөн турбай калган. Ошентсе да ишибизди аткарып, врачтарга тапшырып бердик.

Алты жыл аралыгында жөнөкөй бир нерсени байкадым: канчалык жийиркене берсең, сага ошончолук илдет илеше берет экен. Азыр организмим баарына туруштук бере алат. Андан тышкары, бизди улам эмдеп турушат, жылына эки ирет гельминттерге (мите курттун чоң түрү — ред.) каршы дары ичем. Бул кадыресе көрүнүш. 

Кардиореаниматолог Бишкекской скорой помощи Айназик Кадыралиева
© Фото / из личного архива Айназик Кадыралиевой
"Алты жыл аралыгында жөнөкөй бир нерсени байкадым: канчалык жийиркене берсең, сага ошончолук илдет илеше берет экен", - дейт Айназик Кадыралиева.

— Бирок сиздерге кан менен иштөөгө да туура келет эмеспи, бул андан да кооптуу! Мисалы, ВИЧтен эч кандай эмдөө жок да.

— Жол кырсыгынан кийин айнектин сыныктары тийген жарааттар болот, анда сен эки кат мээлей кийип иштейсиң, бирок кандай болгон күндө деле колуңду тилип алышың ыктымал. Андайда "мен кармабайм, бир нерсени жуктуруп алсамчы” деп четте карап тура албайм. Кан агып жаткан жерде жүргөндө, үстү-башың бүт кан болгондо мээде таптакыр бөлөк ойлор болот.

— Өзүңүз жөнүндө сүйлөшөлүчү. Алайдын кызы болосуз да, туурабы? Бишкекке келиш кыйынга турду беле?

— Ооба, 2007-жылы Медициналык академияга өткөндө борборго келгем. Албетте, жашап кетиш керек болду, бирок наалыган жокмун. Алайлыктардын мүнөзү бекем. Бир жыл жатаканада жашадым. 

— Айрым студенттер сүрөттөгөндөй жатакана шарты чындап эле начарбы?

— Андай деле эмес, Медакадемиянын жатаканасынын шарты кыйла дурус. Таракан деген жок. Тек гана жуунуучу жайдын жалпы болгону жаман. Белгилүү бир күндөрү эле жууна аласың. Мисалы, дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү, анан да кечки саат сегизден онго чейин гана жууна алчубуз. Өзгөчө ысыкта өтө жагымсыз эле, ошондуктан күн жылыганда эжемдикине көчүп алчумун.

Кардиореаниматолог Бишкекской скорой помощи Айназик Кадыралиева
© Фото / Айназик Кадыралиева
Айназик Кадыралиева: кан агып жаткан жерде жүргөндө, үстү-башың бүт кан болгондо мээде таптакыр бөлөк ойлор болот.

— Ооруканадагы алгачкы иш күнүңүздү эстейсизби?

— Ооба, ал эстен кетпейт го, айрыкча түнкү нөөмөтүмдү унутпайм. Кезметке калып, тамактанып, сүйлөшүп жатканбыз... Анан эле капыстан бейтаптар биринин аркасынан бири түшө баштады. Саны ушунчалык көп эле, ооруканада башаламандык башталып кетти. Июнь окуясынын (2010-жылкы улуттар аралык жаңжал — ред.) биринчи күнү ошентип өткөн.

Жаралангандар көп түштү. Негизинен жарааттар жеңилирээк, көбүнө чачма ок көп тийген. Түнү менен ошол майда окторду денеден терип чыкканбыз.

— Сактай албай калган биринчи киши жадыңыздабы?

— Ооба, андайды унута албайсың. Көп болду, ал маалда врачтар жетишсиз эле. Бардык чакырыктарга барып жетише албай жатканбыз, бейтапка аябай кечигип бардык, үзүлүп кетиптир. Андан ары жөнөдүк, бирок кайра дагы бир өлүм. Кийинки чакырык — кайра эле жетишпей калдык... Ошентип түшкү 12ге чейин эле үч кишини жоготтук.

Жүрөк тилинип, көңүлдү оордук баскан. Машинадан түшүп, сыртта 10 мүнөтчө отуруп эс-учубузду жыйганыбыз эсимде. Өзүбүздү колго алып, кийинки бейтапты куткарууга бет алганбыз. Анан эмне кылабыз, төртүнчү өлүмдү күтүп отурмак белек... 

Кардиореаниматолог Бишкекской скорой помощи Айназик Кадыралиева
© Фото / Айназик Кадыралиева
"Негизи Тез жардамда эки типтеги адамдар иштейт: утурумдук иштегендер жана мендей “акылынан айныгандар”, - дейт кардиореаниматолог Айназик Кадыралиева.

— Кайсы учур таптакыр эстен кеткис болду?

— Бир жол кырсыгы болгон жерге жөнөдүк. Жаш балдар МАИчилерден качууга тырышып, рулду башкара албай, май куюучу жайды, болгондо да май сакталган жерди барып сүзүшүптүр. Кудай жалгап, автомобиль алоолонгон эмес, бирок жалпайып калыптыр.

Көргөнүм үрөй учурду! Биринчиден, кичинекей унаада 8 киши - жети жигит, бир кыз бар экен! Кантип батып кетишкендерине таң каласың! Экинчиден, эч кимиси катуу жаракат албаптыр! Эң алдындагысынын буту сыныптыр, ал го бүтүп калат. Аларды Кудай чоң сактады, дайым эле андай боло бербейт да. Тагдыр менен ойнобоңуздар, жол эрежесин сактоо керек.

Дагы бир учур. Чоң апам ооруп калып, тез жардам чакырдык. Дарыгер аны ооруканага жаткыруу зарылдыгын айтты. Бир ооруканадан экинчисине барабыз, баары тең: "Бул бизге тиешелүү эмес, башка жакка алып баргыла", — дешет. Оор жагдайга кабылдык, тез жардам аны же жөн гана үйгө жеткирип коё албайт, же врачтар чоң апамды кабыл алып жаткырбайт. Кудай жалгап, тааныштар аркылуу аны ооруканага жайгаштырдык, бирок ушундай кантип болсун?

Мурда бейтапты кабыл албаган дарыгерлер менен калчылдашканга чейин барчумун. Телефондун видеосуна тартып, коркутуп кирчүмүн. Азыр алда канча жоош, токтоо тартып калдым. Анын үстүнө таанып да калышты, бейтаптарды шаар аралата алып жүрө албасымды түшүнүшөт.

Адам кээде өзүн жаман сезет, бирок ооруканага алып баруунун анча кажети жок болот. Андайда бейтапка эмне кылыш керектигин түшүндүрүүгө тырышам. Негизи Тез жардам кызматы кеңеш бербеши керек, бирок улгайган киши ошол бейтапканага чейин жете аларына ким кепилдик берет?

— Азыр шаарда автоунаадан көп нерсе жок. Тез жардам бейтапка жетпей калган учур көп болобу, анткени кайсы бир макоо жол бергиси келбей коёт чыгар...

— Мен иштей баштагандан бери, акыркы алты жылда, кырдаал жакшы нукка өзгөрдү. Адамдар бир топ аң-сезимдүү болуп калды. Кээде ар бир секунд маанилүү болгон, маселен, адам анафилактикалык шокко кабылып же жол кырсыгына тушуккан учурлар кездешет. Бирок көчөдөгү машинанын көптүгүнөн орун бошотууну каалаган киши деле жол бере албай калат. 

Кардиореаниматолог Бишкекской скорой помощи Айназик Кадыралиева
© Фото / Айназик Кадыралиева
"Беш сааттык уйку мен үчүн табылгыс", - дейт бишкектик реаниматолог Айназик Кадыралиева.

— Тез жардамда гана врач эмес экенсиз, дагы башка жумушуңуз бар экен. Кантип үлгүрөсүз?

— Тез жардамда маянам — 9 500 сом, ал эми батирди мен 12 миң сомго ижаралап, коммуналдык тейлөөгө да төлөйм, тамак ичем, кийинем. Дагы сурооңуз барбы?

— Акыркы жолу качан уктадыңыз?

— Кечээ эки саат уктап алдым. Беш сааттык уйку мен үчүн табылгыс. Бирок өзүмдү көп нерседен өксүк калтырбайм, андай ой калбасын сизде, толук кандуу сонун жашоом бар. Тез жардамда айына 160 саат иштөөгө тийишмин, ошентсе да, башка жердеги сегиз сааттык ишимди эч ким жоюп коё элек. Бирок фитнес менен машыгууга убакыт табам. Алтургай, үч сааттык машыгуудан соң үйгө келип, үч күнгө жеткидей спорттук тамак-ашты даярдап коём.

— Тез жардамда иштеп эмне кыласыз? Бүт күчүңүздү алат, аты улук, супарасы курук эмгек го?..

— Негизи Тез жардамда эки типтеги адамдар иштейт: утурумдук иштегендер жана мендей “акылынан айныгандар”. Көп жолу ал жактан кетем дейм, кайра эле кайтам. Бул көңүлүмө төп иш.

— Көп дарыгерлер сыртка кетип жатышат, дүйнөнүн басымдуу бөлүгүндө бул кесиптегилердин маянасы күнүмдүк керектөөнү гана жаппастан, май көл-сүт көл жашоого да жол берет. Сиз эмнеге кетип калбайсыз?

— Мени Кытай жана Россияга чакырышкан, болгондо да жакшы айлык сунушташкан. Москвада мага 120 миң төлөп, ага кошумча акысыз түшкү тамак, жол кире убада кылышкан. Кытайда андан да жогору — 3 миң доллар жана котормочу кошуп бермек. Бир күн ойлонуп, эч жакка кетким келбегенин түшүндүм. Ошентсе да өз мекенимде жашап жатканымды сезгеним эле болбосо, Кыргызстанда мени байлап турган эч нерсе жок. 

Кардиореаниматолог Бишкекской скорой помощи Айназик Кадыралиева
© Фото / Айназик Кадыралиева
Айназик Кадыралиеванын Facebook баракчасын карап, жылмайбай коё албайсыз. Анда дайым врачтардын маянасы жөнүндөгү мыскылдар жарыяланып турат.

— Жакшы дарыгерди бейтаптар эле багат дешет. Ушундайбы?

— Тез жардамга, айрыкча, мага бул айтылгандын эч тиешеси жок. Бейтаптарымдын көпчүлүгү — жүрөгү оорукчан карыялар. Мага ким төлөөгө тийиш?! Ансыз да жакыр турган, андан акы алганча өзүм ага бир бөлкө нан алып бергеним оң болчу апабы? Же талкаланып калган автоунаадан жаңы эле чыгарган уланбы?

— Күнү-түнү иштесиз, турмушка да чыгышыңыз керек деп тууган-туушкандар кеп салабы?

— Ата-энем иштегениме каршы эмес. Окуп жүргөнүмдө: "Окушуң керек! Күйөөгө чыгып кете көрбө!" – деп Кудайдын куттуу күнү телефон чалышчу. Эки жыл мурда "28ге чыктың, дале турмуш кура элексиң" деп ызы-чуу салышты. Азыр буга айла жок экен деп калышты окшойт (күлүп).

— Тез жардамдын дарыгерлери менен иш боюнча жүрүп калганым бар, бейтаптарынын көбү — зериккен пенсионерлер. Болбогон кепке убакыт коротуу кыжырыңызга тийбейби?

— Буга мен башкача карайм. Балким, адам ичинен оор дүрбөлөңгө кабылгандыр. Андайда адам менен жөн гана сүйлөшүп койсо, сакая түшөт. Бул эмне жаманбы? Ооба, апалар чындап эле бизге зериккенде да чалышат. Аларга кадимки бейтаптарга кандай мамиле кылсам, ошондой эле көңүл бурам. "Апа, кандайсыз? Неберелериңиз кайда? Ата кайда?" – деп сурап сүйлөшүп коём. Жардам бербей койсоң, стресстен деле жүрөгү кармап калышы ыктымал.

— Кеп соңунда врачтык ырым-жырымдарыңыздан да айтып берсеңиз.

— Биз нөөмөткө чыгардан мурун дайыма шашпай таза жуунабыз. Эгер чала жуунуп калсаң, кезмет да оор өтөт. Кээде иш көбөйө түшкөндө: "Кана, мойнуңарга алгыла, ким жуунбай келди эле?" – деп тамашалап калабыз. Дагы бир ырым бар: эгер биринчи чакырыкта аял киши болсо, анда иш чачтан көп болот. Эгер бейтап эркек болсо, анда кезмет жеңил өтөт!

13156
Белгилер:
бейтап, дарыгер, тез жардам, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Өзүн атып алган кызга донордун жүзүн салып... Кыргызстандык хирургдун баяны
Бала бакча аччуларга жеңилдетилген насыя каралган. Вице-премьер Өмүрбекованын маеги
Өттөгү ташты операциясыз жок кылса болобу? Дарыгер Сыргаев менен маек
Газ өндүрүү. Архивдик сүрөт

Атаандаштыкка чыдабай... Европа менен Азия АКШнын суюлтулган газынан баш тартууда

143
(жаңыланган 21:50 09.07.2020)
Европа жана Азияда көгүлтүр оттун баасы көп жылдык төмөнкү чекке жетти. Ушул тапта америкалык суюлтулган газды сатып алуу кажетсиз. Ал түгүл муну АКШнын Энергетика министрлиги да моюнга алды.

Кардарлар бул жайга пландалган жүздөн ашуун газ ташуудан баш тартты. Натыйжада экспорт 63,6 пайызга кулады. Эмнеге океан ар жагындагы газдын эч кимге кереги жок болуп калышынын себебин биздин өнөктөш – РИА Новости агенттиги тактап көргөн.

Баа түштү

Былтыр АКШда жаратылыш газынын нетто-экспорту 54,7 миллиард куб метрге жеткен, бул 2018-жылдагыга караганда 20,7 миллиардга көбүрөөк. Эң ири суюлтулган газ өндүрүүчү Cheniere Energy компаниясынын маалыматына таянсак, биринчи кварталда дүйнөлүк рыноктогу соода көлөмү 100 миллион тоннага чыккан, бул 2019-жылга салыштырмалуу он миллион тоннага көп. Мындай өсүштү негизинен америкалыктар камсыз кылган.

Пландар да абдан дымактуу эле: 2020-жылы — 67,2 миллиард кубометр, 2021-жылы — 79,5... Мындай көрсөткүчтөрдү АКШнын Энергетика министрлигинин Энергетикалык маалымат башкармалыгы (EIA) жар салган. Бирок алар болжогондой болбой турганы анык болуп калбадыбы.

Жаңы кооптуулук: Катар газ "согушуна" кирүүгө ниеттенип жатат

Кыштын жылуу болуп калышынан улам сунуштун көп болушу, коронавирус пандемиясынын айынан суроо-талаптын чектелиши Европа жана Азиянын газ рыногун кыйратты. Ошентип, Европадагы TTF голландиялык хабында жылдын биринчи төрт айындагы орточо баа былтыркы жылдын ушул маалына караганда эки эсе ылдыйлады. Японияга споттук ташуулар 44 пайызга кыскарган.

Апрелде эле америкалык суюлтулган газдын Европага экспорттолушу экономикалык жактан жөнсүз болуп калган. Ири европалык жана азиялык компаниялар июнь-июль айларына келишимдерин жокко чыгарган.

Bloomberg маалыматына таянсак, АКШда суюлтулган газ заводдорундагы жүктөө апрелде 30 пайызга азайган. Май айына карата экспорт үчтөн бирге кыскарган. Буга коронавирустан улам киргизилген чектөөлөр да себеп болгон.

Экономикалык жактан жөндөмсүз

АКШнын Энергетика министрлигинин Энергетикалык маалымат башкармалыгы (EIA) июндагы божомолу алда канча жагымсыз эле. Европалык жана азиялык сатып алуучулар суюлтулган газдын 110 партиясынан баш тарткан: июнь-июль айларына – 70, ал эми августта 40 партияны алышпайт.

Биринен сала бири банкрот болуп... АКШ сланец туңгуюгунан чыга албай калабы

Америкалык деңиз терминалына газ ташуу март айынын аягынан бери эки эсеге азайган, тагыраагы, суткасына 277 миллион кубометрлик рекорддук көрсөткүчкө түшкөн.

"Европа жана Азиядагы жаратылыш газына болгон төмөн споттук баа АКШдан экспорттоонун экономикалык жөндөмүн чабалдаткан. Ал мындай баага өтө сезимтал", — дейт EIA талдоочулары.

Алардын баамында, АКШдан июнда Европа жана Азияга суткасына орточо 101 миллион кубометр жөнөтүлгөн, ал эми бул жана келерки айда 62 миллион кубометрди түзөт. Бул экспорттук потенциалдын 25 пайызынан ашпайт.

Төмөндөй берет

Океан ар жагындагы газдан кардарлардын баш тартышы кеминде эле жайдын аягына чейин уланары, АКШдагы фьючерстик баалар Европадагыдан сентябрга дейре жогору кармалып турары боюнча серепчилердин божомолдору чын чыкты.

Ансыз да илең-салаң иштеп жаткан суюлтулган газ өндүрүүчү америкалык алты завод январь-апрель аралыгында, май айында кубаттуулугун 65 пайызга ылдыйлаткан. Platts Analytics өткөн айдагы түрмөгүндө июлдун башында 50% болорун жазган.

АКШнын Кытайга карата кытмыр планы: пандемиядан улам ачылган көшөгөлөр

"Анткени баа артыкчылыгы дээрлик жоголду, америкалык ташуулардан баш тартуу мезгилдин гана маселеси болгон", — дейт америкалык Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун серепчиси Никос Цафос.

Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун улук талдоочусу Игорь Юшков түшүндүргөндөй, ушул тапта сатып алуучулар америкалык суюлтулган газга төлөп берчү баа суюлтуу жана жеткирүүгө сарпталган операциялык чыгымдарды да жаппайт.

Баарынан да америкалык тун жана ири Sabine Pass терминалы көп жабыркады, кубаттуулукту баа кымбат убакта сатып алышкан, ал эми ишке киргизилген 2016-жылы кырдаал өзгөрүп кеткен. Андан бери завод чыгым эле тартып келген.

Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын алгачкы төрт айында АКШдан суюлтулган газды экспорттоо орточо суткасына 218 миллион кубометрди түздү, бирок апрелден майга чейинки аралыкта 17%га кыскарды.

EIA башкармалыгындагылар сентябрда газ ташый башташат, себеби жаратылыш газына дүйнөлүк суроо-талап акырындап калыптанууда.

Рынокту газ "каптады"

Анткен менен ири инвестбанктардын жагдайы анчалык эмес. Аналитиктер көгүлтүр оттун кору дүйнөдө толуп калганын айтышат. Суюлтулган газдын эл аралык соодасы кыйрап, америкалык сланецчилердин бардык сатуу каналдарын бүтөп койду.

Мунайдын баррели кайра 40 долларга көтөрүлгөнү мунайчылар казууну кайра жандандырып, кыйыр өндүрүм катары рынокко арзан газды арбын чыгарууда.

"Баррели миң доллардан": америкалык план мунай рыногун "муңайтышы" ыктымал

Европадагы баанын төмөндөшүнөн улам BofA Securities аналитиктери белгилегендей, ага суроо-талап жок. Азыр аны сыртка сатуунун ордуна резервуар жана сактагычтарга кайра куюштуруп жатышат.

Goldman Sachs эсеби боюнча экспорттун жоюлушунан улам америкалык запас 21,52 миллиард кубометрге көбөйөт. Бир жыл мурун катталган деңгээлдин үчтөн бирине, беш жыл аралыгындагы орточо көрсөткүч 18 пайызга өскөн.

Октябрга карата аталган өлкөнүн газды сактоо шарты бүтөт, бул суюлтулган газды казуунун жана өндүрүүнүн кескин кыскарышына кептейт.

143
Белгилер:
божомол, соода, рынок, атаандаштык, Азия, Европа, АКШ, нефть, Мунай, газ
Тема боюнча
"Тезинен аткаруу зарыл": АКШ Россияны эмнеге жазалагысы бар?
Жамгырду аба-ырайы. Архивдик сүрөт

Жумага карата аба ырайы

73
(жаңыланган 21:02 09.07.2020)
10-июлда түнкүсүн тоолуу өрөөндөрдө жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Жума күнү, 10-июлда, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым аймактарда мөндүр жаай турганы айтылды. Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Жамгыр, добул жана кар жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +21...+26 жана Нарын жергесинде +20...+25 градус болору болжолдонду.

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борборубуз Бишкекте +29...+31, Ошто +31...+33 градуска чейин көтөрүлсө, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +21...+23 градуска жетет.

73
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Алдыда аптаптуу ысык болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы