Министрлик соттолгондор менен иштей турган 50дөй кызматкер издеп жатат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПодготовка к первомайской акции профсоюзов
Подготовка к первомайской акции профсоюзов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пробация — соттолуучунун абакка отуруунун ордуна шарттуу түрдө жаза өтөшү. Бул учурда аны атайын орган көзөмөлдөп турат.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине 49 кызматкер алынганы жатат. Бул тууралуу  Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти.

Жыл башында түзүлгөн Пробация департаменти 1-сентябрдан тарта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан Юстиция министрлигине өткөрүп берилди.

Презентация пилотного проекта Патрульной службы милиции по Бишкеку - Sputnik Кыргызстан
Патрулдук милиция кызматкер издейт. Эмне талаптар коюлган?
Пробация — соттолуучунун абакка отуруунун ордуна шарттуу түрдө жаза өтөшү. Бул учурда аны атайын орган көзөмөлдөп турат.

Кызматкерлер менен бирге эле директордун орун басары жана төрт бөлүм башчы изделүүдө.

Бардыгына жогорку билими болушу керек деген талап коюлган.  Ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык кызматта үч жылдык же укук тармагында беш жылдык иш тажрыйбасы керек.

Бул жаатта кененирээк маалыматты Мамлекеттик кадр кызматынын сайтынан билсеңиздер болот.

Документтерди тапшыруу мөөнөтү 13-ноябрда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0