Милиция жарылуу болгон "Антошка" тез татымдын ээсин кармады

© Sputnik / Нурис АлымбаевПожар на точке фастфуда "Антошка" на пересечении проспектов Чуй и Эркиндик
Пожар на точке фастфуда Антошка на пересечении проспектов Чуй и Эркиндик - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-ноябрда Бишкектин чок ортосундагы тез татымдагы жарылуудан 14 адам жабыркап, бир кыз каза болгон.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Борбор калаада жарылуу болгон "Антошка" тез татым борборунун ээси Абдил Карыпбеков кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ШИИБдин тергөө кызматы Жазык кодексинин 261-беренеси боюнча ("Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу") сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тез татымдын ээсин кармаган. Ал Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкектин чок ортосундагы жарылуу - Sputnik Кыргызстан
Милиция: тез татымдагы жарылууда көз жумган кыз 21 жашта болгон
Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды.

Эске салсак, 8-ноябрда "Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайындагы тез татым жайында жарылуу болгон. Кырсыктан 14 киши жабыркап, бир кызматкер көз жумган. Бишкек милициясынын билдиргенине караганда, каргашалуу окуяга газ баллондун жарылышы себеп болгон.

Тилсиз жоо 15.21де толугу менен өчүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0