Жалал-Абад облусунун башчысы: Бакиевдин атын көчөгө ыйгаргандарга чара көрүлөт

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактарда Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине Курманбек Бакиевдин аты берилгени боюнча сүрөт тараган болчу.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Ноокен районундагы Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине мурдагы президент Курманбек Бакиевдин аты мыйзамсыз берилгенин журналисттерге билдирди.

Эске салсак, бүгүн социалдык тармактарда Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине Курманбек Баиевдин аты берилгени боюнча сүрөт тараган. Айыл аймактын башчысы жергиликтүү депутаттар ушундай чечим кабыл алгандыктан мурдагы ажонун ысымы берилгенин айткан болчу.

"Көчөгө Бакиевдин атын ыйгаруу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан мыйзамсыз токтом чыккан. Токтом мыйзамсыз болгондугуна байланыштуу артка кайтарылат. Бакиевдин ысмын ыйгаруу боюнча маалымат райондук жана облустук жетекчиликке өз убагында маалымдалган эмес. Мыйзамсыз кадамдарга баргандарга чара көрүлөт. Ал эми көчө башына орнотулган тактайча алынды", — деди Сатыбалдиев.

Курманбек Бакиев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
УКМК Бакиевдерди колдогон ЖМКларга эскертүү берди
Бирок кайсы мыйзамдар бузулганы так айтылган эмес.

Эскерте кетсек, Курманбек Бакиевге Кыргызстандын аскер соту сыртынан өкүм чыгарып, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Ошол учурда бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы болгон эл 2010-жылдын 7-апрелинде "Ала-Тоо" аянтына чыгып, ал кездеги президент Курманбек Бакиевди тактан кулаткан. Ал күнү атылган октон 80ден ашуун адам каза таап, Бакиев өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Мындан сырткары, Бакиев дагы эки адамдын өлүмүнө катыштыгы бар деп табылган. Экс-президент менен анын үй-бүлөсүнө, жакындарына эл аралык издөө жарыяланган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0