Гүл. Архивдик сүрөт

Белгилүү комузчу Нурзат Орозалиева каза болду

6524
(жаңыланган 10:58 11.11.2019)
Комузчу бир нече жылдан бери айыккыс дарт менен алпурушуп жүргөн. Маркумдун сөөгү эртең, 12-ноябрда, кичи мекени Ат-Башы районунда жерге берилет.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кечээ, 10-ноябрь күнү, белгилүү комузчу Нурзат Орозалиева 44 жаш курагында көз жумду. Маалыматты өзү акыркы жылдары эмгектенип жүргөн Кыргыз улуттук консерваториясынан тастыкташты.

"Орозалиева узак убакыттан бери оору менен алпурушуп жүргөн. Тилекке каршы, аны жеңе алган жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Комузчунун артында бир кызы калды.

Маркумдун сөөгү эртең, 12-ноябрь күнү, кичи мекени Ат-Башы районунда жерге берилет.

6524
Белгилер:
өлүм, оору, комузчу
Тема боюнча
Журналист Чынара Токонова каза болду