Бүгүн, 11-ноябрда, Чүй проспектиси менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишиндеги Дасторкон дүкөнүн түрттүрүү иштери башталды

Бишкектин чок ортосундагы ири дүкөн түрттүрүлдү. Сүрөт

465
(жаңыланган 14:42 11.11.2019)
натыйжасында 7-Апрель көчөсүнөн мыйзамсыз негизде курулган 38 объекти аныкталган. Эң ирилери "Мадина" базарында жайгашкан.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 11-ноябрда, Чүй проспектиси менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишиндеги "Дасторкон" дүкөнүн түрттүрүү иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

  • Снос магазина Дасторкон в микрорайоне Восток-5
    Бүгүн, 11-ноябрда, Чүй проспектиси менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишиндеги "Дасторкон" дүкөнүн түрттүрүү иштери башталды
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Снос магазина Дасторкон в микрорайоне Восток-5
    Маалыматка караганда, Чыгыш-5 кичирайонунун аймагын жөө адамдарга ыңгайлаштыруу үчүн муниципалдык жерлер кайтарылып жатат
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Снос магазина Дасторкон в микрорайоне Восток-5
    Чыгыш-5 кичирайонунда жаңы коомдук жайларды куруу мэр Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен аткарылып жатат.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 3
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бүгүн, 11-ноябрда, Чүй проспектиси менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишиндеги "Дасторкон" дүкөнүн түрттүрүү иштери башталды

Маалыматка караганда, Чыгыш-5 кичирайонунун аймагын жөө адамдарга ыңгайлаштыруу үчүн муниципалдык жерлер кайтарылып жатат.

"Вице-мэр Азиз Алымкуловдун тапшырмасы менен 7-Апрель көчөсүндөгү курулуштар текшерүүгө алынган. Натыйжада мыйзамсыз негизде курулган 38 объекти аныкталган. Эң ирилери "Мадина" базарында жайгашкан", — деп айтылат маалыматта.

Чыгыш-5 кичирайонунда жаңы коомдук жайларды куруу мэр Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен аткарылып жатат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
465
Белгилер:
курулуш, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема боюнча
Мыйзамсыз курулуш көрсөңүз айтыңыз, түрттүрөбүз! Мэрия шаардыктарга кайрылды
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Песков Путиндин "унутуп калган" көйнөгүн саткан жарнама боюнча айтып берди

19
(жаңыланган 20:13 04.07.2020)
Жарнамада көйнөк отелдин номерин тазалап жатканда табылгандыгы, бирок андан кийин атайын жуулбагандыгы, эгерде керек болсо сатуучу аны экспертизага берүүгө даяр экендиги айтылган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Интернеттеги "Россия президенти Владимир Путиндин унутуп таштап кеткен көйнөгү сатылат" деген кабарга лидердин маалымат катчысы Дмитрий Песков комментарий берип, ага ишенбеш керектигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Элге белгилүү болгон сайттардын бирине Нижний Новгород аймагындагы Sheraton мейманканасына президент Путиндин унутуп таштап кеткен көйнөгү сатылат деген жарнама чыккан. Анда көйнөк отелдин номерин тазалап жатканда табылгандыгы, бирок андан кийин атайын жуулбагандыгы, эгерде керек болсо сатуучу аны экспертизага берүүгө даяр экендиги айтылган. Көйнөк 165 миң рублга бааланган. Путин аталган шаарда соңку ирет 2019-жылдын 10-ноябрында Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча президенттин алдындагы кеңештин отурумуна катышкан.

Путин жыйында калемин столго ыргытып жиберип, министрлерден отчёт сурады. Видео

Сатуучу көйнөк дагы деле сатыкта экендигин айткан. Анын сөзүнө караганда, "кийимдин президентке таандык экендиги боюнча жазылган эч кандай атрибуттар жок, бирок зарыл болсо ДНК-экспертизага берүүгө даяр".

Песков мындай кулактандырууларга ишене берүүгө болбой тургандыгын айткан.

"Жок. Андай болугу мүмкүн эмес", — деген ал көйнөк чын эле президентке таандык болушу мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып.

Путин буга чейиин журналисттерге кабинетиндеги жашыруун бөлмөсүн көрсөтүп, ал ЖМКларын эле эмес, коомчулуктун дагы кызыгуусун жараткан.

19
Белгилер:
отель, көйнөк, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Путин кабинетиндеги жашыруун бөлмөсүн көрсөттү. Видео
Путин чүмбөттөлүп алып коронавируска кабылган жарандарын көрүп чыкты. Видео
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы, машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов. Архив

Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедовдун сөөгү Дагестанда жерге берилди

33
(жаңыланган 20:07 04.07.2020)
Маалыматта машыктыруучуну акыркы сапарга узатуу зыйнатына Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун дагы катышканы айтылат.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы, машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедовдун сөөгү кичи мекенинде жерге берилди. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Маалыматка ылайык, коштошуу зыйнатына Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров дагы катышкан.

Россиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурмагомедовдун сөөгү Дагестандын Кизилюртов районунун Кироваул айылына коюлган.

UFC чемпионунун атасы коронавирустун оор түрү менен жабыркап Москвадагы клиникалардын бирине жаткырылган. Ага эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлуп, андан кийин инсульт алган. Бул дарттан айыга албай 3-июль күнү 58 жаш курагында каза тапты.

"Аны акыркы сапарга узатууга көп адам катышкан жок. Туугандары жана Москвадан спортчулар келди", — деп айткан Кироваул айылынын башчысы Ильяс.

Мушкер Хабиб Нурмагомедовго UFC уюмунун президенти Дана Уайт көңүл айтып, спортчунун атасынын жашоодогу орду тууралуу айтып берген видеосун жарыялады.

​Ошондой эле Хабибдин октагондогу атаандаштары Конор Макгрегор жана Тони Фергюсон сыяктуу бир катар спортчулар көңүл айткан.

33
Белгилер:
жерге берүү, сөөк, машыктыруучу, Дагестан, Абдулманап Нурмагомедов
Тема боюнча
Белгилүү ырчы-обончу Тургуналы Нурматовдун жерге качан берилери айтылды
Коомдук ишмер, экс-депутат Болот Шердин сөөгү кичи мекенинде жерге берилди