Бишкекте калкты тейлөөчү 4 борбор ачылат. Даректери

Жазылуу
Жаңы борборлор Октябрь менен Аламүдүн районунун аймагында ачылып, коомдук транспорт көп барган жерге жайгашат.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Медеров көчөсү 44/1 дарегиндеги Калкты тейлөө борбору 18-ноябрда жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте калкты тейлөөчү жаңы төрт борбор ачылмакчы.

Зоны самообслуживания в ЦОН Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Калкты тейлөө борборлорунда эл өзүнө өзү кызмат көрсөтө баштады. Жол-жобосу
Жаңы борборлор Октябрь менен Аламүдүн районунун аймагында ачылып, коомдук транспорт көп барган жерде жайгашат. Алардын жеринин ижарасын "Инфоком" мамлекеттик ишканасы төлөйт. Жеке менчик имараттар жок болгондуктан ижарага алууга туура келип жатканы айтылууда.

Калкты тейлөө борборлору элге документтерди берүүдө керектелчү бардык жабдуулар менен камсыздалган. Андан сырткары, электрондук кезекке турчу аппараттар менен видеокөзөмөл орнотулган.

Жаңы ачылган калкты тейлөөчү борборлордун дареги:

1. 12-кичирайон, Нуркамал көчөсү 29, "ДК" соода борборунун ичинде. №5, №10, 11, 17 троллейбустар, № 105, 110, 132, 150, 170, 172, 195, 204, 215, 243, 252 маршруткалар барат.

2. Чокон Валиханов көчөсү 2, "АЮ Грандкомфорт" соода борборунун имараты. №6, 7 автобустар, №5, 7 троллейбустар, № 102, 105, 128, 137, 147, 154, 166, 251 маршруткалар барат.

3. Жаш Гвардия бульвары, 4. №18 автобус, №7, 8, 9 троллейбстар, №139, 159, 281, 360, 366, 396 маршруткалар барат.

4. Ауэзов көчөсү 1/5. "Два пророба" гипермаркетинин ичинде жайгашкан. №7 автобус, №105, 137, 154, 188, 251 маршруткалар барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0