Кыргызстан менен Япониянын беттеши учурунда көчөлөр жабылат. Тизме

Жазылуу
Кыргызстан менен Япониянын улуттук курама командалары 14-ноябрь күнү саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо мелдешмекчи.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкекте боло турчу Кыргызстан менен Япониянын футбол беттешинде бир нече көчөдө кыймыл чектелет. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эки өлкөнүн курама командалары 14-ноябрь күнү саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо мелдешет. Кечээ оюндун билеттери толугу менен сатылып бүткөнү маалым болгон. 

Матч күнү саат 14.00дөн тарта төмөнкү жолдор жабылат:

  • Тоголок Молдо көчөсү — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
  • Фрунзе көчөсү — Исановдон Орозбеков көчөсүнө чейин.

Япониялык футболчу Сёя Накадзима. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен беттешчү япон футболчуларынын баасы жана ойногон клубдары
Ошондой эле беттешке кире албай калгандар үчүн эски аянтта күйөрмандар зонасы пайда болору айтылган. Ага карап саат 15:00дөн тарта Абдумомунов көчөсү Эркиндик проспектисинен Орозбеков көчөсүнө чейин жабылат.

ЖКККББнын кызматкерлери аталган аймактарда күчөтүлгөн режимде иш алып барат. Башкармалыктын маалымат кызматы шаардыктарды жагдайга түшүнүү менен карап, жүрө турчу жолдорду алдын ала ойлонуштуруп алууга чакырат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0