Аймактарда "Ишкерлерди тейлөө борборлору" ачылат

© Sputnik / Табылды КадырбековКруглый стол о борьбе с коррупцией в вузах Кыргызстана
Круглый стол о борьбе с коррупцией в вузах Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгенин башкы максаты ишкерлерди колдоо жана алардын дараметин бекемдөө болуп саналат. Бизнести өнүктүрүү үчүн өкмөт тарабынан иштер жасалып жатканы айтылат.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бизнести жүргүзүүдө ишкерлерди колдоо жана аларга так маалымат, кеңеш берип туруу максатында өкмөт аймактарда "Ишкерлерди тейлөө борборлорун" түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Демилгенин башкы максаты ишкерлерди колдоо жана алардын дараметин бекемдөө болуп саналат. "Ишкерлерди тейлөө борборлорунун" кызматтарын Ош, Жалал-Абад, жана Баткен шаарларындагы ишкерлер пайдаланууда.

"Бүгүнкү күнү өкмөт тарабынан бизнести өнүктүрүү үчүн зарыл шарттар түзүлүп жатат. Алсак, аймактык долбоорлорго жана субъектилерге инвестиция тартуу максатында жаңы түзүлгөн ишканаларга 5 жылдан 10 жылга чейин салык төлөөдөн бошотуу каралган. Алар — мүлк салыгы, жер салыгы, киреше салыгы жана сатуудан түшкөн салыктар. Мындан тышкары, атамекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетип жаткан ишканалардын субъектилери кошумча нарк салыгын 80 пайызга азайтуу менен төлөшөт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле атамекендик продукцияларды экспорттоого тийиштүү шарттарды түзүү максатында региондордо ветеринардык лабораториялар түзүлүп иштеп жатканы белгиленген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0