Германия элчилиги 1-январдан тарта бир нече өлкөгө виза берүүнү токтотот

© AFP / JOHN MACDOUGALLГосударственный флаг Германии
Государственный флаг Германии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2020-жылдын 1-январынан тарта Европанын бир катар өлкөлөрүнө барууну каалагандар Казакстандагы элчиликтерге кайрылышы керек.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Жаңы жылдан тарта Германиянын Кыргызстандагы элчилиги Испания, Италия жана Австрияга виза берүү ишин токтотот.

"Элчилик 2020-жылдын 1-январынан тарта Испания, Италия жана Австрия мамлекеттерине виза берүү боюнча арыздарды кабыл албайт. Бул жобо бардык сапарларга жана паспорттордун бардык түрлөрүнө (дипломатиялык жана кызматтык паспортторду кошкондо) тиешелүү", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 2019-жылдын 31-декабрына чейин берген арыздар учурда каралып, иштелип жаткандыгы белгилүү болду.

Аталган мамлекеттерге виза алуу үчүн 2020-жылдын 1-январынан тарта төмөнкү даректерге кайрылууга болот:

  • Испанияга сапар алгандар Нур-Султан шаарындагы Испаниянын Казакстандагы элчилиги. Аталган өлкөдөгү дагы бир кеңсе — Алматы калаасындагы BLS виза борбору (кенен маалыматтарды бул жерден алса болот).
  • Италияга сапар алгандар Нур-Султан шаарындагы Италиянын элчилиги, ал жердеги виза бөлүмү (кенен маалыматтарды бул жерден алса болот).
  • Австрияга сапар алгандар Нур-Султан шаарындагы Австриянын элчилиги, ал жердеги виза бөлүмү (кенен маалыматтарды бул жерден алса болот).

Элчиликтин виза боюнча өкүлчүлүгү Шенген келишиминдеги төмөнкү мамлекеттерге арыздарды кабыл алат. Алар — Бельгия, Греция, Люксембург, Нидерланд, Норвегия, Португалия жана Швеция.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0