Абылгазиев: №1 СИЗО менен абактар Бишкектин ичинен көчүрүлөт

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүСИЗО-4 УФСИН России по городу Москве
СИЗО-4 УФСИН России по городу Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандардын коопсуздугу үчүн абактар калаанын тышында болот. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактар кайсы жакта болорун жана пландалган иштер качан ишке ашарын тактады.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. №1 тергөө абагы менен №47 түзөтүү колониясы Бишкек шаарынын ичинен көчүрүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы 2019-жылдын бюджети боюнча отчёт берип жатып, кийинки жылы кылмыш-жаза системасында кандай иштер жасаларына токтолду.

"ЖАМКтын жетекчилигине тапшырмаларды бердик. Биз абактар менен СИЗОлорду Бишкектин тышына көчүрүшүбүз керек. 2019-жылы бул иштерди аткаруу үчүн акча бөлүп, долбоор даярдалды. №1 тергөө абагы менен №47 түзөтүү колониясын көчүрүү керек", — деди Абылгазиев.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Нуралиев көчүрүү иштери биринчи кезекте жарандардын коопсуздугу үчүн жасалып жатканын белгиледи.

"№47 түзөтүү колониясын №31 түзөтүү колониясы орун алган Молдовановка айылына көчүрүүнү пландап жатабыз. Ал жакта кургак учукту дарылаган оорукана бар. Андан сырткары, 5 гектар жер бар. ЖАМКтын курамындагы бардык оорукана бир жерде болот. №1 СИЗОну Алга айылына көчүрөлү деп жатабыз. Бул жерде 50-СИЗО бар", — деди Нуралиев.

СИЗО Бутырка - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөнүн түрмөсүндө 2000дей кыргызстандык жатат. Тизме
Көчүрүү иштерине канча каражат кетери азырынча белгисиз. Нуралиевдин айтымында, эгер керектүү каражат маалында бөлүнсө көчүрүү иштери жарым жылдын ичинде аяктайт.

Көчүрүлгөндөн кийин №1 СИЗО менен 47-түзөтүү колониясынын жери мамлекетке берилет.

Андан сырткары, Ош шаарында 1937-жылы курулган СИЗОну көчүрүү маселеси да талкууланып жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0