Көңүлдөшүн каматмак болгон келин өзү соттолуп кетти. Таластагы окуя

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүРассмотрение дела в отношении президента "Внешпромбанка" Ларисы Маркус
Рассмотрение дела в отношении президента Внешпромбанка Ларисы Маркус - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Оюнан чыгарылган көрсөтмө менен айылдашын соттотууга аракеттенген.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Таласта көңүлдөшүн жазалатмакчы болгон 25 жаштагы келин өзү кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында кабарланды.

Балта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балтанын сабы менен чаап койгом... Кеминде аялын өлтүргөн эркек соттолду
Өкүмгө ылайык, эки баланын энеси бир жарым жылдай айылдашы менен ойноштук кылып күйөөсүнө кармалып калган. Келин жолдошунан коркуп айылдашы аны зордуктап, көптөн бери күч колдонуп жыныстык катнашка мажбурлап келгенин айтып, жалаа жапкан.

Андан соң экөө укук коргоо органына арыз менен кайрылып, аял оюнан чыгарып көрсөтмө берип, кишини соттотууга аракет кылган. Териштирүү маалында анын былыгы билинип, акыры чындыкты айтууга аргасыз болгон.

"Алгач мамилебиз жакшы болуп, кийин өзүмдүн каалоом менен жыныстык катнашта болуп келгем. Бир күнү ал эркек менен телефон аркылуу сүйлөшүп отурсам жолдошум кармап алган. Эмне кыларымды билбей күйөөмө ал мени зордуктап салган деп айтып салгам. Жеңил жаза берүүңүздөрдү өтүнөм", — деген айыпталуучу.

Ал эми келиндин айылдашы кылмыш жоопкерчилигине тартылган аял ага өзү жабышып, жакын болуп жүргөндө күйөөсүнө көңүлү жок экенин айтканын да кошумчалаган.

Фемида өкүлдөрү келинди бир жылга шарттуу эркинен ажыратты.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0