Гонконгдогу ызы-чуудан улам кыргызстандык студенттер окуусун таштап кетүүдө

© Sputnik / Мигель Кандела / Медиабанкка өтүүПротесты в Гонконге
Протесты в Гонконге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гонконгдо нааразычылык акциясына чыккан элдин жүрүшү башаламандык менен коштолуп, июнь айынан бери токтой элек.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Гонконг провинциясынын Сянган шаарындагы (Кытай) массалык башаламандыктан улам кыргызстандык студенттер окуусун таштап кетип жатышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Сянганда окуп жаткан 42 студенттин үчөө шаардан чыгып кетти, калганы жакынкы авиакаттамдар менен учуп келүүнү пландап жатышат.

"Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин жана Гуанчжоудогу башкы консулдугунун кызматкерлери студенттер менен тыгыз байланышта. Кытай тараптын көмөгү менен кыргызстандыктар коопсуз жерге жайгаштырылды. Мекендештерге жардам берүү үчүн Гуанчжоудогу башкы консул Искендер Орусбаев Сянганга жөнөп кетти", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле элчилик Кыргызстандын туристтик компаниясы менен каражаты жетишсиз студенттерге билеттин акчасын кечиктирип төлөөгө мүмкүнчүлүк берген макулдашууга жетишти.

Государственный флаг Германии - Sputnik Кыргызстан
Германия элчилиги 1-январдан тарта бир нече өлкөгө виза берүүнү токтотот
ТИМ Сянганда расмий органдар тарабынан атайын эвакуациялоо иштери жүрбөгөнүн, чет элдик студенттер өз эрки менен мекенине кайтып жатканын кабарлады.

Эске салсак, буга чейин Гонконгдун өкмөтү "качкын шектүүлөр" жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Ага ылайык, кылмышкерлер Кытайга экстрадицияланмак. Бирок тургундар "бул мыйзам Гонконгдун сот системасынын эркиндигин чектейт" деп июнь айынан бери каршылык акциясына чыгып келишет. Гонконгдун бийлиги мыйзамды белгисиз мөөнөткө артка чакыртып алганына карабастан, демонстранттар андан биротоло баш тартууну талап кылышууда. Бул убакыт аралыгында 3 миңден ашуун адам кармалды. 1,5 миңден көбүрөөк тургун жабыркап, 400 полиция кызматкери жаракат алды. Бирок муну менен митинг токтоп калган жок, саны бир аз азайганы менен башаламандыкты ооздуктоого мүмкүн болбой жатат.

Мындан улам ТИМ мекендештер кандайдыр бир оор кырдаалга туш болсо төмөнкү номерлерге кайрылууга чакырат.

КРдин Кытайдагы элчилиги:

  • Жумуш номери: +8610-64681348;
  • Уюлдук номер: +8618611736340 (WhatsApp, WeChat).
  • +8613260203680;
  • +8613581902801.

Гуанчжоудогу башкы консулдук:

  • Уюлдук номер: +8613925051627;
  • +8618666093015.
Жаңылыктар түрмөгү
0