Прокуратура өрт коопсуздугун текшерүүгө тыюу салган талапты жоюуну сунуштады

Жазылуу
Башкы прокуратурадан белгилешкендей, ишкерлерди текшерүүлөргө мораторий киргенден бери өрт коопсуздугу тийиштүү деңгээлде сакталбай келет.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Башкы прокуратура өкмөткө бизнести текшерүүгө тыюу салган мораторийдеги өрт коопсуздугун көзөмөлдөөгө чектөө койгон бөлүмдү алып салуу сунушун берди. Бул туурасында көзөмөл органынан маалымдашты.

Башкы прокуратурадан белгилешкендей, Бишкектеги "Антошка" тез тамактануучу жайы менен Оштогу май куюучу жайдагы ири өрттүн катталышы мамлекеттик органдардын өрт коопсуздугун көзөмөлгө алуу жаатындагы кемчиликтерин көрсөтүп турат.

Былтыркы жылдын аягында ишкерлерди текшерүүгө бөгөт койгон мораторий кабыл алынганы коопсуздук эрежелерине көзөмөл жүргүзүү оор болуп калган.

"Мындан улам өкмөткө жогоруда айтылган токтомго өзгөртүү киргизүү боюнча кат жөнөтүлдү. Кеп өрт коопсуздугун текшерүүгө уруксат алуу жөнүндө болуп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, көп жерде газ баллондор колдонуларын эске алуу менен кырсыктарды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин кенен жүргүзүү маселеси сунушталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0