Премьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев во время ознакомления с ходом строительства школ в Чуйской области.

Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик курулуш агенттигин сынга алды

150
Премьер-министр бардык маселелерди ыкчам чечүүнү жана мектепти келерки окуу жылынын башына аяктоону тапшырды.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Өлкөдө билим берүү мекемелерине муктаждык болуп турганда, узакка курулуп жаткан курулуштар менен көйгөй болбошу керек. Мындай талапты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусундагы мектептин курулушу менен таанышуу учурунда тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Военно-Антоновка айылындагы жаңы мектептин курулушу 2012-жылы башталган, бирок иш алигиче бүтө элек. Ошол эле учурда курулуш иштери үчүн зарыл каражаттар жалданма компанияга өз учурунда бөлүнүп берилген. Ал гана эмес, курулуш учурунда чечүү үчүн кошумча каржылоону талап кылган башка маселелер да келип чыккан.

  • Премьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев во время ознакомления с ходом строительства школ в Чуйской области.
    Өлкөдө билим берүү мекемелерине муктаждык болуп турганда, узакка курулуп жаткан курулуштар менен көйгөй болбошу керек. Мындай талапты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусундагы мектептин курулушу менен таанышуу учурунда тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине койду.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Премьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев во время ознакомления с ходом строительства школ в Чуйской области.
    Военно-Антоновка айылындагы жаңы мектептин курулушу 2012-жылы башталган, бирок иш алигиче бүтө элек. Ошол эле учурда курулуш иштери үчүн зарыл каражаттар жалданма компанияга өз учурунда бөлүнүп берилген. Ал гана эмес, курулуш учурунда чечүү үчүн кошумча каржылоону талап кылган башка маселелер да келип чыккан.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Өлкөдө билим берүү мекемелерине муктаждык болуп турганда, узакка курулуп жаткан курулуштар менен көйгөй болбошу керек. Мындай талапты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусундагы мектептин курулушу менен таанышуу учурунда тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине койду.

Ушундай эле жагдай Беловодское айылындагы 750 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектепти салууда да түзүлүп, ал төрт жылдан ашуун убакытка созулган.

Өкмөт Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилигин өз убагында чара көрбөгөндүгү, жалданма компанияларды тандоодогу шалаакылыгы үчүн сынга алды.

"Жалданма компанияларды тандоо маселесине кыйла жооптуу мамиле кылуу зарыл. Эгерде бир жалданма компания өзүнө жүктөлгөн милдетти аткара албаса, аны "кара тизмеге" киргизгиле. Мамлекет тарабынан каржыланган курулуш объектилерин алышпасын. Курулуштун мөөнөтү башынан белгиленет, мамлекеттик каражаттар өз убагында бөлүнөт, ал эми жыйынтык жок. Миңдеген адамдардын тагдыры көз каранды болгон ишке шалаакы мамиле кылууга болбойт", – деди ал.

Муну менен бирге премьер-министр социалдык жайларды куруу долбоорлорун ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан кыйла активдүүлүктү жана жоопкерчиликтүүлүктү талап кылды. Андан сырткары, премьер-министр бардык маселелерди ыкчам чечүүнү жана мектепти келерки окуу жылынын башына аяктоону тапшырды.

150
Белгилер:
курулуш, мектеп, Мухаммедкалый Абылгазиев, өкмөт
Тема боюнча
Финпол: жол курган компания Кыргызстанды 379 млн. сомго отургузуп кетти
Бишкектин чок ортосуна 35 млн. сомго бала бакча курулат. Эскиз
Бишкек шаары. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

11
(жаңыланган 21:03 04.07.2020)
Түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Эртең күндүз республика боюнча көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас жергесинде +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +22...+27 градус жылуу болот.

Борбор калаада күндүн табы +27...+29, Ошто +33...+35, Чолпон-Атада +22...+24 градус болору маалымдалды.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

11
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы
Аэропорттогу дарыгерлер. Архив

Мекенге жардамга баратабыз! Эртең Россиядан биздин медиктер учуп келет

58
(жаңыланган 21:12 04.07.2020)
Дарыгерлер мурдараак кыргызстандыктарга жардам бериш үчүн дары-дармекке жана меджабдууларга каражат чогултууга чакырык таштаган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Эртең, 5-июлда, мекенине жардам бериш үчүн Бишкекке Россияда иштеп жүргөн кыргызстандык дарыгерлер учуп келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине алардын бири Нурлис Токебаев билдирди.

Токебаев медицина кызматкерлеринин Кыргызстанда жетишсиз болуп жаткандыгын көргөндөн кийин жардам берүү үчүн келүүнү чечишкендигин айтып берди. Аны менен катар эле Россияда атайын акция жарыяланып, 2 миллион рубль акча чогултулган.

Өзбекстан Кыргызстанга учак менен 8 тонна гуманитардык жардам алып келди. Сүрөт

"Аларды жөнөкөй мигранттар: таксисттер, ашпозчулар, базарда соода кылгандар чогултту. Бул акчага канча экенин билбейм, бирок кычкылтек концентраттары, коронавирусту дарылоодо пайдаланыла турган препараттар алынды", — деди Токебаев.

Анын айтымында, кыргызстандыктардын бири ИВЛ аппаратын сатып берди. Аны бир аптадан соң, кийинки каттам менен алып келишет.

"Бүгүн саат 1:00дө элчиликтин алдына чогулуп, андан ары аэропортко жөнөйбүз. Бара тургандар 30га чукул дарыгерлер менен медайымдар. Демилгени Facebook тармагында көтөрүп чыктык, бизди бийлик колдоду", — деп кошумчалады ал.

Боронов: Россияда иштеген кыргыз дарыгерлер жардамга даяр, учак менен алып келебиз

Өлкө боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 7094. Анын 2714ү айыгып, тилекке каршы, 78 киши көз жумду.

Коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусуна март айынан бери 3009 адам чалдыкты. Бүгүнкү күндө анын 736сы айыгып чыкты. Ал эми 496 адамдын абалы оор, 153 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

58
Белгилер:
Кыргызстан, жардам, мекен, дарыгерлер, Россия
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өкмөт ыктыярчы медиктер кайрыла турган номерлерди жарыялады
Имарат берип, жабдуу таап, медик чогултуп... Эл ооруга каршы бир муштумга түйүлгөндө