Ишкер, кол өнөрчү Айбарча Бекова

Токуган килемибиз 200 миң сомго сатылып, эмирге тартууланган. Ишкер Бекова менен маек

1333
(жаңыланган 14:28 18.11.2019)
Айбарча Бекова буга чейин мамлекеттик кызматта, эл аралык уюмда эмгектенген. Бирок кыргыз килемин токуу өнөрү унутулуп баратканын көрүп, жолдошу экөө чакан ишкана ачкан. Учурда кол алдында ондон ашык адам иштеп, килемдери Европа, Азия, Араб өлкөлөрүнө чейин сатылууда.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы салттуу өнөрдү жайылтып, ага жаңыча түс берип жаткан ишкер менен маек курду.

— Канча жылдан бери килем токуу менен алектенип келесиз?

— 2017-жылдын март айында баштаганбыз. 7-8 ай өндүрүштү баштоо үчүн даярдык көрдүк. Азыр бизде 13 жумушчу иштейт, негизи килем жасаган цех 72 адамга ылайыкталган. Буюрса ошол көрсөткүчкө жеткизебиз деп турабыз.

Производство войлочных ковров в цехе кыргызстанки Айбарчи Бековой
© Фото / из личного архива Айбарчи Бековой
Ишкер Айбарча Бекова: сапатты жакшыртуу үчүн жумушчуларды окутабыз

— Килем токуу иши көп эмгекти талап кыла тургандыгын билебиз, сиздер жасаган килемдер канча сомдон сатылат?

— Туурасы эки, узуну үч метр болгон килемдер 95 миң сомдон жогору кетет. Үч жыл мурун "ушунча кымбатпы, мындан көрө мен италия, франция, иран килемин сатып албаймбы" дешчү. Кыргыз килеми мынча кымбат болбошу керек дешкен. Биз бир жылдай товарларды жарнамалабай эле жүндү сатып алуу, тазалоо, жип жасоо, токуп, дизайнерлер менен иштешүү маселелерин ойлонуштуруп, алгачкы кадамды таштадык. Ушул убакыт аралыгында кыргыздын килеми бат эле даяр болуп калбастыгын, ага көп аракет, күч жумшала тургандыгын көргөздүк. Азыр биздин килемди баалап, сатып ала тургандар көп эле болуп калды. Сатып алуучулар кымбат баа жөн жерден чыкпаганын, аны жасоодо бир топ ресурс колдонулуп, маңдай тердин аркасында даяр болорун билип калды. Анткени биз кара койго кошулбай багылган ак койдун гана жүнүн колдонобуз. Эгер 100 килограмм жүн алсак, тазалап, жууп бүткөндөн кийин андан 28 килограмм гана жип чыгат. Бир килемди үч аял 22 күн токуйт. Андан сырткары, жипти даярдап, боеп, дизайнерлер эскиздерин иреттеп отуруп жалпы жарым жылдай убакыт кетет. Эгер иш өтө майда болсо, андан да көп убакыт сарпталат.

  • Ковер изготовленный в цехе кыргызстанки Айбарчи Бековой
    Бир килемди үч аял 22 күн токуп, аны толук бүтүрүүгө жарым жылдай убакыт кетет
    © Фото / из личного архива Айбарчи Бековой
  • Ковер изготовленный в цехе кыргызстанки Айбарчи Бековой
    Даяр болгон бир кыргыз килемдин баасы 90 миң сомдон баштап 200 миң сомго чейин жетет
    © Фото / из личного архива Айбарчи Бековой
  • Ковер изготовленный в цехе кыргызстанки Айбарчи Бековой
    Кол өнөрчүлөр жасаган килемдер Европа, Азия, Араб өлкөлөрүнө чейин сатылууда
    © Фото / из личного архива Айбарчи Бековой
1 / 3
© Фото / из личного архива Айбарчи Бековой
Бир килемди үч аял 22 күн токуп, аны толук бүтүрүүгө жарым жылдай убакыт кетет

— Сиздин ишкана чыгарган кыргыз килемдер өзгөчө оймо-чийме, дизайн менен жасалып чет өлкөлүк кардарларга ылайыкталгандай экен?

— Башында баасы кымбат экен, мындай килемдерди чет элдиктер эле алат дешкен. Азыр аны кыргыздар алып, чет өлкөгө да чыгарылууда. Себеби табигый үй буюмдарды баалаган жердештер деле жок эмес. Ушул мезгилге чейин биздин продукцияларды Сауд Аравия, Катар, Россия, Казакстан, Францияга чейин жөнөттүк. Көбүнчө алар биздин даяр килемдерибизди социалдык тармактардан көрүп сатып алат. Биздин максат — кыргыз килемин бренд кылып дүйнө жүзүнө таанытуу.

— Акыркы кезде бул өнөрдү саналуу гана адам аркалап, унутулуп баратат. Сиздер бул багытта кандай иштерди жасап жатасыздар?

— Окуп, үйрөнүп кетсек болобу деп көп адам кайрылат. Бизге келип бир нече ай иштеп кетип, аймактарда килем жасоонун сапатын жакшырткандар да бар. Бир учурда аябай көп адам келе баштаган, ошондо социалдык жумуштарды системалаштыруу үчүн "Кыргыз килем" фонду менен окутууларды уюштуруп баштадык. Жайында эл аралык уюмдун жардамы менен Алайда тренинг уюштуруп, дагы бир уюм алардын жасаган килемин Японияга сатууга көмөктөшүп жатат. Кийинки жылы ак койду багуу боюнча малчыларды да үйрөтөлү деп жатабыз. Антпесе алардын саткан жүнү менен иштөө кыйын болуп атат. Эгер окутуп койсок, жумушубуз бир топ эле жеңилдемек. Кыргызстан боюнча Баткен, Лейлек, Сузак, Ноокат, Алай, Чоң Алай райондорунда килем токулуп келген. Ушулардын ичинен баткендиктерге чоң рахмат, алар бул өнөрдү сактап, азыркыга чейин улантып келе жатат. Биз, буюрса, ошол алты райондогу кол өнөрчүлүктү толук жандандыралы деп жатабыз.

Производство войлочных ковров в цехе кыргызстанки Айбарчи Бековой
© Фото / из личного архива Айбарчи Бековой
Ишкер Бекованын кол алдында азыр ондон ашык кыз-келин иштейт

— Анан килем жасап сатуу кирешелүү эле бекен?

— Биз башында укмуш акча таап, кардарлар толтура болот деп ойлогонбуз. Бирок азыр тапканыбыздын бардыгын кайра эле өндүрүшкө салып жатабыз. Сапатты жакшыртуу үчүн жумушчуларды окутабыз, техникалык жагыбыз жакшыртылууда. Ишибиз жаман эмес, кардарлар да жетиштүү.

Жолдошум экөөбүз бул ишти баштаганга чейин килемдер эл аралык базарга чыгат деген максат койгонбуз. Ал үчүн сапаты жакшы, өзгөчө кылууну көздөгөнбүз. 1953-жылдан 1958-жылга чейин Москвадан Кыргызстанга абройлуу окумуштуулардан турган археологиялык-этнографиялык топ келген экен. Алар биздеги 200 жыл мурун жасалган буюмдарды изилдеген. Анын арасында килемдер кандай, кайсы жерде жана эмне аспаптар менен жасалганына чейин жазган. Биз ошону китепкана, музейде жарым жылдай издеп, керектүү материалдарды чогултуп, анан ошолордун негизинде өндүрүшкө кириштик. Кыргыздын эски килемдери азыр дүйнөнүн көптөгөн музейлеринде илинип турат. Көрсөң ушунчалык кооз, мыкты жасалгасы бар, сапаты тимеле укмуш. Кыскасы, жакшы эле издендик.

Предпринимательница, мастер войлочных ковров Айбарча Бекова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айбарча Бекова буга чейин мамлекеттик кызматта, эл аралык уюмда эмгектенген

— Буга чейин бир катар жерде иштеп, жолдошуңуз экөөңүз чет тилдерде эркин сүйлөйт экенсиз. Эмнеге бул ишке бел байлоону чечтиңиз?

— Кесибим экономист, буга чейин мамлекеттик кызматта, жакшы айлыгы бар эл аралык уюмда иштеп жүрчүмүн. Ошондо килем менен алектенгени кетип жатам десем көбү таң калган. Бул ишти баштабасак 10-15 жыл ичинде килем токуу жоголуп кете турганын түшүнчүмүн. Анткени мурда, 90-жылдары Баткенге барганда ар бир үйдө килем токушса, азыр саналуу гана киши бул иш менен алпурушуп калды. Албетте, иштин башында бир-эки жыл аябай кыйналдык. Келечекте килем жасоо иши аймактарга кеңири тараса, элеттиктерге бир топ эле жумуш орундары түзүлөт. Буюрса "Кыргыз килем" фонду менен биргеликте облустагы аялдарды жарым жыл окуталы деп жатабыз. Жыйынтык болуп үйрөнгөндөр сапаттуу продукция чыгарса, көп сандагы буюртмаларды жасатып көрөлү деген ойлор бар.

— Ишиңиз башталгандан бери өзгөчө буюртмалар болдубу, эң кымбат килемди канчага саттыңыз?

— Ооба. Жазында Сауд Аравияда эл аралык деңгээлде фестиваль өтүп, ага кыргыздар да катышпадыбы, ошондо бизден эки килем алып кетишти. Эмгегибиз ошол мамлекеттин эмирине белек кылынды. Эң кымбат килемди 200 миң сомго сатканбыз. Оймо-чиймеси өтө оор болуп, аны да арабдар алган.

1333
Белгилер:
кол өнөрчүлүк, килем, Кыргызстан
Тема боюнча
Аламүдүн капчыгайына Манастын музейин курабыз. Ишкер Сарлыкбек уулу менен маек
Бишкектик топ-менеджер: бүлөмдү багуу үчүн нике шакегимди күрөөгө койчумун
Очогумдун бузулганы жаш кыздарга сабак болсун! Ишкер айым менен маек