Анорексия менен ооруган кыз. Архив

Төшөк кумарынан алыстап кетет. Психиатр анорексияга кабылгандар тууралуу

2220
(жаңыланган 12:48 18.11.2019)
Анорексия дегенди укканда бардыгыбыз эти кабыргасына жабышып, сөөк менен сөөк болуп арыктаган адамды элестетебиз. Бул дарттан арылуу үчүн кайра "тамак жеп кой" деген түшүнүк туура эмес болуп эсептелинет экен.

Анорексия Кыргызстанда өтө эле чанда кездешкен оору. Аны айыктырган адистер да сейрек. Алардын бири Наталья Юшкина Москвадагы РУДН окуу жайынан билим алып, иштеп келет. Учурда Бишкектеги Республикалык психикалык ден соолук борборунда психиатр болуп эмгектенет.

Психиатр Республиканского центра психического здоровья Наталья Юшкина
© Sputnik / Досхан Нусупбеков
Наталья Юшкина: анорексия — бул табиттин гана жоголушу. Ал кайсы бир ооруга байланыштуу болушу ыктымал. Ал эми нерв анорексиясы — психиканын бузулушу.

— Анорексияга эмне себептен кабылышат?

— Анорексия — бул табиттин гана жоголушу. Ал кайсы бир ооруга байланыштуу болушу ыктымал. Ал эми нерв анорексиясы — психиканын бузулушу. Ага кабылган адам салмак таштоону гана ниет кылып, толуп кетүүдөн коркуп турат. Өзүн "семиз, өтө эле жагымсыз" сезип, азыктануусун чектейт же андан таптакыр баш тартып коет. Нерв анорексиясы — психологиялык оорулардын ичинен өлүмгө алып келген жалгыз оору.

Буга көбүнчө өзүн анчейин баалап-барктай билбеген, сөзгө абдан маани берген, өтө эле жоопкерчиликтүү жана кынтыксыз (перфекционист) сапаттары бар кыздар көбүрөөк чалдыгат. Мындайлардын арасында илим-билимдүү эле адамдар, маданият жана спорт ишмерлери бар. Маселен, балет бийчилери, актрисалар келбетин, ишин сактоо үчүн өтө эле кооптуу диеталарга отурушат.

Ошондой эле нерв анорексиясына психикасы туруксуз адамдар да чалдыгат. Булар жумушта, жашоодо жана башка чөйрөдө кырдаалдарды көзөмөлдөй албайт. Бирок тамакка келгенде өзүн чектей алышат. Алгач тамактан баш тартканда кандайдыр бир жеңилденүү сезилет. Ачкалык жанды жесе дагы ичинде "мен кылган нерсени бардыгы жасай албайт" деген ой менен чыдайт. Оору өтүшүп кеткенде адам психикалык, моралдык, физикалык жактан кыйналып отуруп каза таап калышы ыктымал.

— Ооруга көбүнчө кыздар кабылганын көрүп-билип жүрөбүз.

— Эркектер чанда жапа чегет. Көбүнчө өспүрүм кыздар кабылышат. Жакын адамдын тышкы келбетке карата сын айтышы, "толуп кетиптирсиң", "арыктабайсыңбы" деген сөздөрү психиканы бузат. Кыздар журналдагы же телевизордогу чырайлуу моделдерди карап, таасирлениши ыктымал. Бул деле балким жакшы мотивациядыр. Бирок айрымдар өзүнө жарашыктуу арыктагандан кийин дагы ыраазы болбой, диетаны аша чаап карманышат. Мындай учурларда туугандар көңүл буруп, көзөмөлдөп коюшу керек. Ата-энелерге кеңешим, балага кичинекей кезинен тарта "толук, келишимдүү эмес" деген сыяктуу сөздөрдү айтпоо керек. Ошол эле учурда анын сырткы келбетин өтө эле мактоого да болбойт. Мындай сөздөр аны идеалдуу болууга түртөт.

Психиатр Республиканского центра психического здоровья Наталья Юшкина
© Sputnik / Досхан Нусупбеков
Психиатр: бейтап алсырайт, чарчайт, мүңкүрөп, көңүлү чөгөт, түнт болуп, иш жөндөмдүүлүгү азаят. Уйкунун бузулуп, психикасы өзгөрөт. Физиологиялык белгилери боюнча айтсак, жыныстык мамилеге болгон каалоо азаят же таптакыр жоголот. Дайыма үшүп турат, баш айланат, эстен танып, кээде жыгылып да калышат.

— Биз анорексияга кабылган адам арыктай турганын гана билебиз. Организминде дагы башка кандай өзгөрүүлөр болот?

— Жалпысынан оорунун психикалык мүнөздөмөлөрүнө алсыроо, чарчоо, мүңкүрөө, көңүлү чөгүү, түнт болуу, иш жөндөмдүүлүктүн азайышы, депрессия, уйкунун бузулушу, психиканын өзгөрүшү кирет. Физиологиялык белгилери боюнча айтсак, жыныстык мамилеге болгон каалоо азаят же таптакыр жоголот. Дайыма үшүп турат, баш айланат, эстен танып, кээде жыгылып да калышат.

Илдеттин өрчүшүнүн үч стадиясы бар. Алгачкы баскычында адамдын тамактануусу өзгөрүп, арыктоонун ар кыл ыкмаларын издештирип баштайт.

Экинчи баскычында адамдын арыктаганы көзгө көрүнүп эле калат. Тери кубарып, кургап, чачы түшүп, жүрөктүн согушу бузулат. Кыздардын айызы токтоп калса, эркектердин бел кубаты алсырайт. Буга карабастан оорулуу арыктаганына кубанып, ичинде бир жеңишке жетип жаткандай сезип, тамактан баш тартуусун уланта берет. Мындай адамдар өздөрүн оорулуубуз деп эсептебейт.

Үчүнчү баскычта адам "шылынып" эле калат. Организмде микроэлементтердин балансы бузулуп, ички органдар жабыркай баштайт. Бул оорунун өтүшүп кетишине алып келип, акыры өлүмгө чейин жеткирет.

— Анорексияга кабылган кайсы бейтабыңыз көбүрөөк эсте калды?

— Москвадагы бейтап эсимде. 14 жаштагы (бою 165 сантиметр) бир кыз 63 килограммдан 40 килограммга чейин арыктаган. Кызга жаккан бала мектептен аны "пончик" деп тамашалап коюптур. Ошондон кийин арыктоону чечет. Кыз алгач туура тамактануудан баштаган. Майлуу, таттуу жана камыр тамактардан баш тартып, жашылча-жемиштерге өтөт. Натыйжада 11 килограмм арыктап, ага дагы ыраазы болбой салмак таштаганга "азгырылат". Бир ай ичинде кофе, чай, айран, жаңы даярдалган шире, жашылчалардан жана тооктун этинен жасалган сорпо ичиптир. Канча арыктаса деле күзгүгө каранып, өзүнөн кемчилик издей берет. Салмагы 40 килограммга жеткенде тааныштары аны анчейин тааныбай, көчөдөн сөөмөйү менен көрсөтүп башташат. Ден соолугу да начарлай баштаганын сезип ата-энесинин айтканына макул болуп дарыгерге келет. Психиатр, психотерапевт жана психологдордун жардамы менен кызды аман алып калдык.

Психиатр Республиканского центра психического здоровья Наталья Юшкина
© Sputnik / Досхан Нусупбеков
Дарыгер: анорексияга кабылган адам тамак жеп баштаса эле өзүнө келип калат деген жаңылыштык. Бул үчүн комплекстүү жардам жана узак убакытка созулган терапия керек. Психиатр, психотерапевт, психолог, диетолог, эндокринолог жана гастроэнтерологдун жардамы зарыл. Ар бир бейтапка индивидуалдуу мамиле жасалат.

— Демек тамак жеп коюп эле оорудан айыгуу мүмкүн эмес турбайбы?

— Ооба, тамак жеп баштаса эле өзүнө келип калат деген жаңылыштык. Бул үчүн комплекстүү жардам жана узак убакытка созулган терапия керек. Психиатр, психотерапевт, психолог, диетолог, эндокринолог жана гастроэнтерологдун жардамы зарыл. Ар бир бейтапка индивидуалдуу мамиле жасалат.

— Кыргызстанда анорексия менен канча адам жабыркайт?

— Аталган ооруга кабылгандар дарыгерлерге чанда кайрылышат. Алар оорусун жашырып, көп учурда өздөрүн "оорулуумун" деп эсептешпейт. Кыргызстанда акыркы жылдары анорексия менен эки гана бейтап кайрылды. Алар биздин Психикалык ден соолук борборунан дарыланышкан. Каза тапкандар катталган эмес.

2220
Белгилер:
маек, нерв, оору, дарыгер, анорексия, Кыргызстан
Тема боюнча
Балага телефон берип горшокко отургузуп койсо, геморрой болот да! Проктологдун маеги
Ой менен башкарылчу биопротезди жасап бүттүк. Микрохирург менен маек