Оштун эки ири аймагында жарык өчөт

© Фото / Михаил ДудинДостопримечательности города Ош
Достопримечательности города Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарык берүү энергетика системасын кышка даярдоого байланыштуу өчүрүлөт. Мындан улам облустагы аймактар тогуз саат электр энергиясыз калат.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Ош облусунун айрым аймактарында эртең, 19-ноябрь күнү, эртең мененки саат 8:00дөн кечки саат 17:00гө чейин электр энергиясы болбойт. Бул тууралуу "Ошэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү оңдоо иштерине байланыштуу үзгүлтүккө учурайт.

Электр энергиясы берилбей турган аймактар:

  • Ноокат районундагы Кеңеш, Зулпуев, Кыргыз-Ата, Исанов, Көк-Бел айыл өкмөттөрү жана Төөлөс, Он эки бел айыл өкмөттөрү;
  • Кара суу аймагындагы Кашкар-Кыштак, Нариман, Зарипдар, Маданият, Мачак, Кайрат, Монок, Кенжекул айылдары жана Папан, Керме-Тоо айыл өкмөттөрү.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0